03.09.25
Азербайжан жана Венгриянын энергетикалык өнөктөштүгүн чыңдоодо: энергетика боюнча жумушчу топтун 5-жыйыны онлайн-форматта болуп өттү. Бул тууралуу “Vesti.az” агенттиги кабарлады.
Жыйынга жумушчу топтун теңтөрагалары, Азербайжан Энергетика министрлигинин аппарат жетекчиси Заур Мамедов жана Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин Энергетика жана климаттык дипломатия департаментинин башчысы Изабелла Фейерабенд катышышты.
Заур Мамедов өз сөзүндө жумушчу топ эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүнө ийгиликтүү өбөлгө түзүп жатканын жана көп жылдык өз ара аракеттенүүнүн аркасында энергетикалык өнөктөштүк стратегиялык мүнөзгө ээ болгонун белгиледи. Ал мунай-газ тармагындагы кызматташуу өз ара пайдалуу өнөктөштүккө айланганын баса белгилеп, Азербайжан менен Венгриянын энергетикалык компанияларынын өз ара аракеттенүүсүн жогору баалады.
Өзгөчө көңүл, Венгриянын Түштүк газ коридорунун жана Жашыл энергиянын консультативдик кеңештеринин жыйындарына катышуусуна, Баку энергетикалык жумалыгына жана COP29 конференциясына даярдык алкагындагы Азербайжандын демилгелерин колдоосуна бурулду.
Өз сөзүндө Изабелла Фейерабенд энергетикалык кызматташтыктын ар кыл багыттар боюнча ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ал мунай-газ тармагындагы биргелешкен долбоорлордун жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрдүн маанисин, “жашыл” энергетика жана жөнгө салуу тармагында тажрыйба алмашуунун зарылдыгын, ошондой эле энергиянын эффективдүүлүгүндө кызматташтыкты кеңейтүү келечегин баса белгиледи.
Жыйындын катышуучулары жумушчу топтун 4-жыйынынан кийинки иш-чаралар тууралуу, ошондой эле мунай жана газ, кайра жаралуучу энергия булактары, жөнгө салуу жана энергиянын эффективдүүлүгү жаатындагы кызматташтык боюнча баяндамаларды угушту. Жыйындын жыйынтыгында Азербайжан менен Венгриянын ортосунда энергетика боюнча жумушчу топтун 5-жыйынынын протоколуна кол коюлду.