13.09.25

2025-жылдын январь–август айларында, Түркмөнстан жана Казакстандын “Баку–Тбилиси–Жейхан”  кууру аркылуу өткөн транзиттик мунайынын көлөмү 2,887 миллион тоннаны түздү.

Бул тууралуу жума күнү өлкөнүн Статистика боюнча мамлекеттик комитетине билдирүүсүнө таянып “АЗЕРТАДЖ” маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Түркмөнстан менен Казакстандан келген мунайдын көлөмү жалпы куур аркылуу өткөрүлгөн мунайдын 15,7 пайызын түздү.

Калган  84,3 пайызы  Азербайжандын үлүшүнө туура келет. Башкача айтканда 15,469 миллион тонна мунай Азербайжандыкы болуп эсептелет. 2025-жылдын январь–август айларында, “Баку–Тбилиси–Жейхан”  кууру аркылуу ташылган мунайдын жалпы көлөмү 18,365 миллион тоннаны түздү.

Эскерте кетсек, “Баку–Тбилиси–Жейхан” куурунун узундугу 1,768 чакырымды түзөт. Ал аркылуу чийки мунай, Каспий деңизинен Жер Ортолук деңизге жеткирилет. Куур Азербайжандын Баку шаарынан башталып, Грузия аркылуу өтүп, Түркиянын Жейхан портунда (Жер Ортолук деңиз жээгинде) аяктайт.

https://business.com.tm/ru/post/14277/turkmenistan-kazakhstan-oil-transit-via-baku-hits-28-million-tons