15.09.25

Азербайжандын Шуша шаарында өткөн түрк дүйнөсүнүн Камсыздандыруу биримдигинин биринчи Ассамблеясында түрк мамлекеттеринин камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү жекшемби күнү биргелешкен Прокламацияга кол коюшту.

Бул тууралуу, “АЗЕРТАДЖ” маалымат кызматы билдирди. Бул документ биримдикти, Түрк мамлекеттер уюмунун максаттары жана принциптеринин негизинде кайра уюштурууну бекемдейт. Беш негиздөөчү мамлекеттерден тышкары, байкоочу макамында Венгрия, Түркмөнстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын камсыздандыруу ассоциациялары дагы биримдикке кошулушту.

Биримдиктин негизги максаты, Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн камсыздандыруу рынокторунун ортосунда тажрыйба, кадрлар жана маалымат алмашууну камсыз кылуу, кайра камсыздандыруу байланышын өнүктүрүү жана түрк өлкөлөрүндө камсыздандыруу секторунун туруктуу өсүшүн камсыз кылуу болуп саналат.

Эскерте кетсек, Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) түрк тилдүү мамлекеттердин саясий, экономикалык, илимий, билим берүү, транспорт жана туризм тармактарындагы кызматташтыгын кеңейтүү максатында түзүлгөн мамлекеттер аралык уюм болуп эсептелет.

Уюмдун мүчөлөрү Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан. Венгрия, Түркмөнстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы уюмга байкоочу катары катышат.

https://business.com.tm/ru/post/14281/turkic-world-insurers-sign-joint-proclamation-in-shusha