23.09.25

Баку шаарында өткөн Азербайжан эл аралык инвестициялык форумунун (AIIF 2025) алкагында Азербайжандын “Dashkasan Iron Ore” компаниясы менен Казакстандын “Fonte GreenMet Investments Fund” фонду биргелешкен  “Azerbaijan Metal Company” компаниясын  түзүү боюнча келишимге кол коюшту.

Бул тууралуу “Vesti.az” маалымат кызматы билдирди. Долбоордун алкагында, Азербайжандын Шамкир районунда ысык брикеттелген темирди (HBI) өндүрүүчү завод куруу пландалууда. Ишкананын кубаттуулугу жылына 2 миллион тонна болуп, өндүрүштү 2029-жылы ишке киргизүү каралууда. Долбоордун жалпы инвестициясы $700 миллион деп бааланууда. Завод Азербайжандын экономикасына жылына 694 миллион долларга чейин киреше алып келет жана болжол менен 1 600 жумуш орундары түзүлөт деп күтүлүүдө.

“Дашкесан” темир кенин иштетүү бул ири көлөмдөгү долбоор болуп, Азербайжан үчүн олуттуу экономикалык таасир алып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок табигый жана логистикалык бир катар факторлор олуттуу кыйынчылыктарды жаратат. Алардын ичинде, темирдин руддагы орточо үлүшүнүн төмөн болушу (болжол менен 40%), кендин терең жайгашуусу жана эл аралык суу жолдоруна түз чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу болуп эсептелет. Бул жагдайлар операциялык жана транспорттук чыгымдарды кыйла жогорулатат.

Бул шарттарды эске алуу менен кошумча наркы жогору продукцияны өндүрүү стратегиялык зарылчылыкка айланган. Долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн эл аралык деңгээлде таанылган консалтингдик компаниялар тартылып, эң оптималдуу технологиялык чечим тандалып алынган. Натыйжада үч баскычтуу өндүрүш чынжыры иштелип чыккан:

  1. Темир курамы 67% пайыздан жогору болгон жогорку сапаттагы концентрат чыгаруу;
  2. Темир рудасынын окатыштарын өндүрүү;
  3. Алардан ысык брикеттелген темирди (HBI) өндүрүү болуп эсептелет.

https://vesti.az/ekonomika/azerbaidzan-i-kazaxstan-zapustyat-sp-po-proizvodstvu-hbi-s-investiciyami-700-mln-558987