02.10.25

“AzerGold” компаниясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы Закир Ибрагимов Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу “Vesti.az” агенттиги билдирди., Закир Ибрагимов азербайжан жана кыргыз эли жалпы түрк дүйнөсүнүн маданий мурасы менен бириктирилип, достукка, бир туугандыкка жана өз ара сый-урматка негизделген мамилелерди өнүктүрүп келе жатканын белгиледи. Ал акыркы жылдары мамлекеттер аралык байланыштар туруктуу өнүгүп жатканын баса белгиледи.

“AzerGold” компаниясынын жетекчиси ишкананын ишмердүүлүк багыттары, жетишкендиктери жана стратегиялык максаттары тууралуу маалымат берди. Белгиленгендей, ишкана айлана-чөйрөнү коргоо принциптерин так сактоо менен баалуу металдарды дүйнөлүк рынокко ийгиликтүү экспорттоп келет. “AzerGold” мунай-газ секторуна кирбеген тармакта экспортту жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик ишканалардын ичинен алдыңкы орунду ээлейт. Компаниянын стратегиялык пландарынын арасында Борбор Азия өлкөлөрүндө тоо-кен долбоорлорун ишке ашыруу да бар. Азыркы учурда бул багытта  өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов “AzerGold” компаниясын жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, Кыргызстандын түстүү металл кендерин изилдөө жана өздөштүрүү багытында биргелешкен ишмердүүлүккө кызыкдар экенин билдирди. Элчи Кыргызстан темир кени жана башка түстүү металдардын ири запастарына ээ экенин, “AzerGold” менен кызматташуу эки өлкөгө тең өз ара пайда алып келерин белгиледи.

Тараптар тоо-кен жана кайра иштетүү тармактарында кызматташууну кеңейтүү экономикалык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти. Жолугушуунун соңунда өз ара инвестицияларды жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү перспективалары талкууланды.

https://vesti.az/ekonomika/v-baku-sostoyalas-vstreca-glavy-azergold-s-poslom-kyrgyzstana-foto-559456