01.10.25
Азербайжандын мамлекеттик “SOCAR” мунай компаниясы Түркмөнстандагы кендерди өздөштүрүү долбоорлоруна катышууга кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу Азербайжандын Экономика министринин орун басары Сахиб Алекперов 18–19-сентябрда Авазед шаарында өткөн TIF-2025 Түркмөн инвестициялык форуму учурунда маалымдады.
Анын айтымында, Азербайжан Түркмөнстан менен кызматташуунун кеңири багыттарын, анын ичинде электр энергетика тармагын да караштырып жатат. Өзбекстан жана Казакстан менен биргеликте Борбор Азиядан Европага жашыл электр энергиясын Азербайжан аркылуу экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү да талкууланууда.
Сахиб Алекперов белгилегендей, эки өлкөнүн өнөктөштүгү Чыгыш–Батыш транспорттук коридорун өнүктүрүүдө жана Орто коридордун натыйжалуулугун арттырууда маанилүү роль ойнойт. 2025-жылдын январь–июль айларында, Азербайжан менен Түркмөнстандын ортосундагы транзиттик жүктөрдүн көлөмү 1 миллион тоннадан ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13% пайызга көбөйгөн.
Эскерте кетсек Азербайжандын “SOCAR” компаниясы мунай жана газды казып алуу, кайра иштетүү жана ташуу, ички жана эл аралык рынокто мунай жана мунай-химиялык продукцияларды сатуу, ошондой эле Азербайжан өнөр жайын жана калкты жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча ишмердүүлүк жүргүзөт. 2023-жылдын ноябрь айында Азербайжандын мамлекеттик мунай компаниясы Ашхабадда өз өкүлчүлүгүн ачкан.
https://business.com.tm/ru/post/14348/socar-interested-in-oil-gas-field-development-in-turkmenistan