07.10.25

Азербайжандын президенти урматтуу Илхам Алиевдин төрагалыгы алдында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он экинчи саммити 2025-жылдын 7-октябрында Габала шаарында “Аймактык тынчтык жана коопсуздук” темасынын алдында болуп өттү.

Саммитке Казакстандын президенти урматтуу Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти урматтуу Садыр Жапаров, Түркиянын президенти урматтуу Режеп Тайип Эрдоган, Өзбекстандын президенти урматтуу Шавкат Мирзиёев, Венгриянын премьер-министри урматтуу Виктор Орбан, Түркмөнстандын Эл Маслахатынын төрагасы жана түркмөн элинин улуттук лидери урматтуу Гурбангулы Бердымухамедов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти урматтуу Эрсин Татар жана Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы элчи урматтуу Кубанычбек Өмүралиев катышышты.

Саммиттин алдында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңеши чогулуп, мамлекет башчылары тарабынан кол коюла турган документтерди акыркы түрүнө келтирип, уюмдун күн тартибиндеги маанилүү маселелерди талкуулады.

2025-жылдын 8-августунда Вашингтондо Азербайжан менен Армения ортосунда кол коюлган тарыхый Биргелешкен билдирүүдөн кийин өткөн саммитте лидерлер бул окуяны Түштүк Кавказда жана андан ары тынчтык, туруктуулук жана жыргалчылык багытындагы маанилүү кадам катары кубаныч менен белгилешти.

Мамлекет башчылары тынч, коопсуз жана өнүккөн Түрк дүйнөсүн түзүү боюнча орток умтулууларын дагы бир жолу тастыкташты. Алар уюмдун алкагында саясат, тышкы иштер, коопсуздук, экономика жана эл аралык байланыштар тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанисин баса белгилешти.

Габала саммиттинде кабыл алынган негизги чечимдер:

Мамлекет башчылары тарабынан кол коюлган документтер:

  • Түрк мамлекеттер уюмунун он экинчи саммитинин билдирүүсү (Габала билдирүүсү);
  • Тышкы өнөктөштөр менен өз ара кызыкчылык чөйрөлөрүндө кызматташуу үчүн ийкемдүү алкак катары “ТМУ+” форматын түзүү жөнүндө чечим;
  • Эл аралык түрк маданияты уюмуну (ТҮРКСОЙ) өнүктүрүү жана чыңдоо жөнүндө чечим.

Түркмөнстандын Түрк академиясына жана Түрк маданияты жана мурастары фондусуна байкоочу катары кошулушу түрк кызматташтыгынын институционалдык түзүмүн чыңдоодо маанилүү кадам катары бааланды. Лидерлер ошондой эле түрк кызматташтык уюмдарынын ролун мындан ары да күчөтүүнүн маанисин белгилешти.

Уюмдун Башкы катчысы элчи Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө уюм азыркы учурда экономика, коопсуздук, билим берүү, инновация жана космос тармактарын камтыган 40 ашык багытта көп тараптуу кызматташтыкты координациялап жатканын белгиледи. Ал бул өсүп жаткан динамика мүчө мамлекеттердин жакындашуусун жана уюмдун эл аралык деңгээлдеги таанымалдыгынын өсүшүн көрсөтөрүн айтты.

Саммиттин жыйынтыгында уюмдун төрагалыгы Кыргызстандан Азербайжанга өттү. Мамлекет башчылары кыргыз төрагалыгынын алкагында ар кыл тармактарда өткөрүлгөн 120 ашык иш-чаралар менен мүнөздөлгөн ийгиликтүү мезгили үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы Азербайжан төрагалыгына жемиштүү жана ийгиликтүү кызмат мөөнөтүн каалашты. Лидерлер Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кийинки саммитин 2026-жылдын күздүндө Түркияда, ал эми расмий эмес саммитти 2026-жылы Казакстанда өткөрүү тууралуу макулдашышты.

Самиттин алкагында мүчө жана байкоочу мамлекеттердин лидерлери менен уюмдун Башкы катчысы Түркмөнстан тарабынан Фүзүли шаарында курула турган мечиттин пайдубалын онлайн түрдө салуу аземине катышышты.

Саммиттен кийин Азербайжандын Тышкы иштер министри урматтуу Жейхун Байрамов жана Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы элчи урматтуу Кубанычбек Өмүралиев Габала саммиттинде кабыл алынган чечимдер жана негизги жыйынтыктар тууралуу журналисттерге маалымат беришти.

https://www.turkicstates.org/tr/haber/the-12th-summit-of-the-organization-of-turkic-states-convened-in-gabala-azerbaijan