04.10.25
Азербайжан кайра жаралуучу жашыл энергия булактарынан (ВИЭ) өндүрүлгөн электр энергиясын экспорттоо үчүн төрт эл аралык “жашыл энергия” коридорун ишке ашырууну пландап жатат. Өкмөттүн маалыматына ылайык, бул коридорлордун биринчиси 2026–2027-жылдары ишке киргизилет.
Азербайжандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы: “Азырынча биринчи “жашыл” энергия коридорунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалды. Ал Нахчыван автономиялуу республикасынан (НАР) Түркияга чейин болот. Бул курулушу пландалган энергия өткөрүү линиясы ошондой эле коңшу Карабах экономикалык аймагындагы жана Чыгыш Зангезурдагы кайра жаралуучу булактардан алынган электр энергиясын, Түркиянын чыгыш аймактарына чейин жеткире алат. Анын кубаттуулугу 1 ГВтка чейин жетет”, — деп маалымдады.
Азыркы учурда, Нахчыван менен Азербайжандын коңшу аймактарынын ортосундагы байланыш линияларын төшөө, Түркия тарапка багытталган энергия кабелин куруу, экспорттун көлөмүн, сатып алуучуларды жана энергия кайсы объектилерден берилерин тактоо иштери жүрүп жатат.
Учурда Түркиянын энергетикалык балансында кайра жаралуучу жашыл энергиянын булактарынын үлүшү 45% пайыздан ашат. Анын негизги бөлүгүн гидроэнергетика түзөт. 2035-жылга чейин өлкө кайра жаралуучу жашыл булактардан 120 ГВттан ашык энергия өндүрүүнү көздөөдө.
Азербайжандан Түркияга 1 ГВт “жашыл энергияны” импорттоо демилгеси, эки бир тууган мамлекеттин стратегиясынын бир бөлүгү.болуп саналат. Бул стратегия кайра жаралуучу энергия булактарынын (кургакта 130 ГВт, деңизде 160 ГВт) потенциалын пайдаланууга, жаңы энергетикалык кызматташууларды өнүктүрүүгө жана “Нахчыван–Түркия” линиясы аркылуу Азербайжан энергиясын экспорттоо моделин сынап көрүүгө багытталган.
Нахчыван автономиялуу республикасынын кайра жаралуучу жашыл энергиясынын потенциалы болжол менен 6 ГВтты түзөт. Анын ичинде күн, шамал жана геотермалдык булактар бар. Экспорттолуучу 1 ГВт энергиянын 760 мегаватты күн станцияларынан, ал эми 240 мегаватты шамал станцияларынан алынат. Нахчывандагы ири күн станциялары 2026-жылдан, шамал станциялары болсо 2027-жылдан тарта ишке кирет.
Мындан тышкары, өкмөттүн басма сөз кызматы, Түркия аркылуу дагы бир “жашыл энергия” коридорун Болгарияга чейин созулган кургактык аркылуу энергия линияларын куруу пландалып жаткандыгын билдирди. Эскерте кетсек, Болгария Азербайжандан башталган үчүнчү жана эң ири “жашыл энергия” коридорунун “Каспий–Азербайжан–Грузия–Кара деңиз” линиясынын катышуучусу да болуп саналат.
Төртүнчү “жашыл энергия” коридору, Борбор Азиядан Каспий аркылуу Азербайжанга чейин созулган байланыш линиясы болот. Анын коммерциялык пайдалуулугун изилдөө 2026–2027-жылдары жүргүзүлөт. Жалпысынан Азербайжан 2040-жылга чейин 4 ГВт көлөмүндө кайра жаралуучу энергияны экспорттоону пландаштырууда.
Азыркы учурда “Азерэнержи” ачык акционердик коому жана Кытайдын “China Energy” компаниясы “жашыл энергияны” сактоо жана экспорттоо үчүн керектүү технологиялык жолдорун изилдеп жатышат.
Мындай долбоорлордун натыйжасында, Азербайжан кайра жаралуучу жашыл энергияны жеткирүүдө жана Борбор Азия мамлекеттеринин энергиясын Түркия менен Европага транзиттөөдө маанилүү ролду ойнойт. Бул долбоорлор экономикалык жана экологиялык максаттарга жетүүгө, технологияларды өнүктүрүүгө жана ага катышкан өлкөлөрдө жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.