14.10.25
Транспорттук кызматташтык багытында Азербайжан менен Казакстандын ортосунда транзиттик жүктөрдү ташуунун көлөмү өсүүдө. “Report” агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу Азербайжандын Энергетика министри Парвиз Шахбазов Бакуда өткөн Азербайжан–Казакстан өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтыгынын 21-жыйыны учурунда билдирди.
Парвиз Шахбазов: “Биз Орто коридорду өнүктүрүү боюнча кызматташууну тереңдетүүгө, ошондой эле Зангезур коридорунун ачылышы сыяктуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга даярбыз”, — деп белгилеп өттү.
Парвиз Шахбазов ошондой эле гуманитардык тармактарды кошо алганда, башка багыттардагы кызматташтыктын да оң өнүгүп жатканын белгилеп келип:. “Өкмөттөр аралык комиссия биздин өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрүнүн ишин координациялоодо негизги роль ойнойт. Комиссиянын жолугушууларынын үзгүлтүксүз өтүшү, өз ара кызыкчылык жараткан тармактардагы кызматташтыкка кошумча дем берет. Учурдагы жолугушуу биздин өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү жолундагы кезектеги маанилүү кадам болот деп ишенем”, — деп билдирди.
Анын пикиринде, комплекстүү программа соода, инвестиция, энергетика, транспорт, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, айыл чарба жана гуманитардык тармактардагы кызматташууну тереңдетүүгө багыт берет.
Парвиз. Шахбазов белгилегендей, Азербайжан менен Казакстан бир тууган жана союздаш мамлекеттер болуп, аларды жалпы тарых, маданият жана келечектин стратегиялык көз карашы бириктирет.
Парвиз. Шахбазов: “Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин саясий эрки жана акылдуу жетекчилигинин аркасында биздин кызматташтык бардык багыттар боюнча ырааттуу өнүгүүнү көрсөтүп жатат. Айрыкча Азербайжан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык мамилелерди бекемдөө жана өз ара союздаштык кызматташууну тереңдетүү жөнүндө декларациянын, ошондой эле 2022–2026-жылдарга карата кызматташтыкты өнүктүрүүнүн комплекстүү программасынын маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп кетким келет”, — деп белгилеп өттү.