21.10.25

Сауд Аравиясынын “ACWA Power”, Бириккен Араб Эмираттарынын “Masdar” жана Азербайжандын “SOCAR Green” компаниялары “Caspian Breeze” аттуу консорциум түзүлгөнүн жарыялашты. Бул тууралуу Азербайжандын Энергетика министрлигине караштуу Альтернативдүү энергия булактары агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

“Caspian Breeze” консорциумунун максаты,Каспий деңизинин Азербайжан секторунда жалпы кубаттуулугу 3,5 (ГВт) болгон шамал электр станцияларын куруу долбоорлорун ишке ашыруу. Консорциум түзүү идеясы тууралуу алгач болжол менен бир жыл мурун, Бакуда өткөн COP29 жыйынында айтылган.

Азыркы учурда “SOCAR Green” компаниясынын Азербайжандагы кайра жаралуучу жашыл энергия (ВИЭ) тармагындагы долбоорлорунун портфели 1,7 (ГВт) түзөт. Бирок компания деңиздеги кайра жаралуучу булактар боюнча консорциум алкагында биринчи жолу иш алып барууну пландап жатат.

Жалпысынан “SOCAR Green” альтернативдүү жашыл энергетика жаатында 6,6 (ГВт) көлөмүндөгү долбоорлорду ишке ашырууну көздөөдө, алардын жарымынан көбүн деңиздеги шамалдан энергия алуу боюнча долбоорлор болуп эсептелет. Азербайжандын шамал энергиясынын потенциалы 157 (ГВт) деп бааланууда, бул Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан өлкөнүн узак мөөнөттүү энергетикалык балансы үчүн эң маанилүү тармактардын бири болуп калмакчы.

Ошондой эле “Masdar” жана “ACWA Power” компаниялары Азербайжанда ар бири 10 (ГВт) көлөмүндөгү жашыл энергия өндүрүүчү ири долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда. Азербайжан альтернативдүү энергетиканы 2027-2030-жылдар жана 2050-жылдарга карата этап-этабы менен тездетилген темпте өнүктүрүүгө багыт алган.

https://vesti.az/ekonomika/caspian-breeze-budet-proizvodit-35-gvt-elektroenergii-561999