07.11.25

Азербайжан Орто коридордун негизги катышуучуларынын бири болуп саналат жана дүйнөлүк логистикалык борборлордун жаңыдан калыптанып жаткан өлкөлөрүнүн катарына кирет. Бул тууралуу “Allianz Trade” (AT) компаниясынын отчетунда айтылат.

Документте белгиленгендей, Россия жана Украина согушу башталгандан кийин, Азия менен Европа ортосундагы соода жолдорунда Орто коридордун ролу кыйла жогорулады. 2023-жылы бул коридор аркылуу жүктөрдү ташуу көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 86% пайызга көбөйгөн, ал эми 2024-жылы Казакстан аркылуу өткөн темир жол жүктөрү 63% пайызга өскөн.

Ошондой эле Азербайжан, Түркия, Грузия жана Казакстан тарабынан темир жолдорду, портторду жана Каспий деңизи аркылуу паромдук каттамдарды өнүктүрүүгө багытталган инвестициялары, Орто коридордун өнүгүшүндө чечүүчү ролду ойной турганы белгиленет. Бул долбоорлор аймак ичиндеги сооданын жанданышына жана Европа Биримдигинин кызыгуусунун күчөшүнө өбөлгө түздү.

Отчетто мындан тышкары, экономикасынын салыштырмалуу кичине көлөмүнө карабастан, Азербайжан Оман, Уругвай жана Панама сыяктуу мамлекеттер менен катар жаңы калыптанып жаткан дүйнөлүк логистикалык борборлордун бири экени баса белгиленет. “Allianz Trade” (AT) компаниясынын маалыматына ылайык, өлкөнүн порттук жана темир жол инфраструктурасын модернизациялоого багытталган инвестициялары анын Азия менен Европанын ортосундагы стратегиялык көпүрө катары ролун чыңдоодо.

https://vesti.az/ekonomika/allianz-trade-azerbaidzan-usilivaet-rol-v-razvitii-srednego-koridora-564077