05.12.25

Азербайжандын туризм статистикасы, айрыкча Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген туристтер агымынын тез өсүп жатканын көрсөтөт. Өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–октябрь айларынын аралыгында 87.800 ашуун Казакстан жараны Азербайжанга турист катары келишкен. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 19,4% пайызга өсүүнү билдирет. Казакстандын туристтери бардык чет өлкөлүк коноктордун 4% пайызын түзгөн.

Азербайжанга эң көп турист төмөнкү өлкөлөрдөн келген:
• Россия (24,4%)
• Түркия (17,4%)
• Иран (8%)
• Индия (6,6%)
• Сауд Арабиясы (4,3%)
• Грузия (4,2%)

Келген чет өлкөлүктөрдүн 66,4% пайызы эркектер, 33,6% пайызы аялдар болгон. Зыяртчылардын басымдуу бөлүгү өлкөгө аба жолу менен (76,3%) кирген. 22,4% пайызы автоунаа жана темир жолун тандаса, болгону 1,3% пайызы деңиз жолу аркылуу келген. 2025-жылдын алгачкы он айында Азербайжанга жалпы 2,17 миллион чет өлкөлүк турист келген. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде Азербайжанга эң көп турист жөнөткөн өлкө Казакстан болду. Ушул мезгил аралыгында аймактан келген туристтердин саны төмөнкүдөй:

Казакстан — 87 804 (+19,4%)

Өзбекстан — 50 971 (+35,8%)

Түркмөнстан — 26 887 (–1,3%)

Кыргыстан — 9 422 (+37,3%)

Тажикстан — 8 124 (+80,2%)

Бир гана октябрь айында Казакстан Азербайжанга келген турист саны боюнча 6-орунду (9 677 киши), Өзбекстан 10-орунду (6 481 киши) ээледи. Азербайжан Туризм агенттигинин маалыматы боюнча, 2024-жылы Борбор Азиядан келген туристтердин саны 34,1% пайызга өсүп, 180 528 кишиге жеткен. 2017–2024-жылдардын аралыгында аймактан 726 миңден ашуун турист Азербайжанды зыярат кылган, алардын ичинен эң жогорку көрсөткүч  Казакстан (331 428 адам).

https://turanews.kz/tr/news/2025te-azerbaycani-ziyaret-eden-kazakistanli-turist-sayisi-87-bini-asti/