08.12.25

Түрк инвестициялык фонду 2026-жылдын биринчи кварталында долбоорлорду каржылоону баштайт. Бул тууралуу Азербайжандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык мындай чечим 5-декабрда Бишкекте өткөн фонддун Башкаруучулар кеңешинин 2-жыйынында кабыл алынган.

Азербайжандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Фонддун инвестициялык ишмердүүлүгүнүн башталышы регионалдык өнүгүүгө түрткү берип, Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн инвестициялык өнөктөштүгүн мындан дагы кеңейтет”, — деп айтылат.

Түрк инвестициялык фондун түзүү тууралуу макулдашуу 2023-жылы Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитинде кол коюлган. Фонддун капиталы 600 миллион долларды түзөт. Азербайжан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Венгрия мамлекеттери ар бири 100 миллион доллардан акча каражатын салышып фондду негиздешкен. Түрк инвестициялык фонддун ишмердүүлүгү ар кандай тармактардагы (инфраструктура, кайра жаралуучу энергия булактары, айыл чарба, туризм, IT жана башка) биргелешкен долбоорлорду колдоого багытталган.

Түрк инвестициялык фонду негизделген күндөн тартып 20 жыл иштейт.

Эскерте кетсек, буга чейин Касым-Жомарт Токаев “Түрк дүйнөсүнүн келечеги – 2040” программасын толук ишке ашырууга көңүл буруу зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле уюмдун алкагында ири соода-экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашыруунун так механизмдери сунушталып жатканын айткан.

https://kapital.kz/economic/143072/tyurkskij-investfond-nachnet-finansirovanie-proektov-v-i-kvartale-2026-goda.html