10.12.25

Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясы “SOCAR” жана Венгриянын “MVM ONEnergy” компаниясы Баку шаарында жаратылыш газын экспорттоо боюнча келишимге кол коюшту. Келишим 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана Азербайжан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык энергетикалык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Документке “SOCAR” компаниясынын президенти Ровшан Наджаф жана “MVM” компаниялар тобунун башкы директору Кароль Матраи кол коюшту. Бул тууралуу “SOCAR” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган келишим орто мөөнөттүү болуп саналат жана эки компаниянын ортосундагы ушундай форматтагы алгачкы келишим болуп эсептелет. “SOCAR” компаниясынын басма сөз кызматы  тараткан билдирүүдө: “Буга чейин, 2023-жылы, “SOCAR” компаниясы, Венгрияга кыска мөөнөттүү келишимдин негизинде 100 миллион куб метр газын экспорттогон. Бүгүн болсо, Бакуда бир нече жылдык кызматташууну камтыган кыйла узак мөөнөттүү келишимге биринчи жолу кол коюлду. Бул биздин эки тараптуу энергетика тармагында кызматташуубуздун маанилүү этабы болуп саналат”, — деп маалымдалат.

Венгриянын жаратылыш газына болгон жылдык муктаждыгы болжол менен 10 миллиард куб метрди түзөт жана негизги жеткирүүчү катары мурдагыдай эле Россия калууда. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 30-августунда Венгриянын “MVM Group” компаниясы Азербайжандын негизги “Шах Дениз” газ долбооруна расмий түрдө кошулган.

“Шах Дениз” кени дүйнөдөгү газ кору боюнча эң ири кендердин бири болуп саналат жана жылына 29 миллиард куб метрге чейин газ жана 60 миллион баррелге жакын конденсат өндүрүүгө жөндөмдүү. Иштетилген 19 жыл ичинде бул кенден болжол менен 260 миллиард куб метр газ алынган.

Мындан тышкары, дагы бир венгриялык “MOL Group” компаниясы алты жылдан ашуун убакыттан бери, Азербайжанда иштеп, “Азери–Чыраг–Гүнешли” мунай долбоорунун 9% пайыздан ашык үлүшүнө ээлик кылат. Венгрия Азербайжанды өзүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодогу негизги өнөктөштөрүнүн бири катары карайт.

https://vesti.az/ekonomika/azerbaidzanskii-gaz-dlya-vengrii-novoe-soglasenie-vstupit-v-silu-v-2026-godu-eksklyuziv-568043