Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин Экономика жана башкаруу илимдери факультетинин Бизнести башкаруу бөлүмүнүн окутуучусу, доцент доктор Азамат Максүдүнов 2026-жылдын 10-февралында университеттин студенттерине арналган “Жасалма интеллект доорунда университеттердин үчүнчү миссиясы: глобалдык тенденциялар жана жергиликтүү чагылуулар” темасында семинар өткөрдү.

Семинардын негизги максаты студенттердин арасында ишкердүүлүк боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана жасалма интеллект доорунда калыптанып жаткан заманбап тенденцияларды талкуулоо болуп саналат.

Семинарда дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардын ишкердүүлүк миссиясын кабыл алуу боюнча тажрыйбалары жана жергиликтүү университеттерде ишке ашырылып жаткан практикалар каралды. Доцент доктор Максүдүнов университеттер ишкердүүлүк миссиясын ийгиликтүү аткара алышы үчүн, биринчи кезекте билим берүү жана илимий-изилдөө иштерин эң жогорку деңгээлде жүргүзүшү зарыл экенин баса белгиледи. Ошондой эле университеттин ишкердүүлүк экосистемасында студенттер негизги кызыкдар тарап экенин белгилеп өттү.

Бул алкакта Кыргыз–Түрк “Манас” университети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар башка университеттер үчүн үлгү боло ала турган ийгиликтүү тажрыйбаларды камтый турганын айтты.

Семинардын соңунда студенттерге Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин координациясы астында ишке ашырылып жаткан Manas E-Lab Erasmus+ долбоору тууралуу маалымат берилип, долбоордун алкагында сунушталган мүмкүнчүлүктөр тааныштырылды.