2026-жылдын 9-апрелинде ИИФБнын Ишкерлик бөлүмүнүн окутуучусу, доцент, доктор Сейил Нажимудинова тарабынан студенттер үчүн “Бүгүнкү күндө Z муунунун жогорку окуу жайларынан күтүүлөрү” аттуу семинар өткөрүлдү.

Семинарда бүгүнкү күндө дүйнө калкынын болжол менен 25–30% пайызын, башкача айтканда дээрлик үчтөн бирин түзгөн Z мууну окуп жаткан же окуй турган университеттерден кандай талаптары бар экени талкууланды. World Higher Education Database (WHED) сыяктуу эл аралык маалымат базалары болжол менен дүйнөдө 22 000 миң жогорку окуу жай бар экенин билдирсе, кеңири аныктамалар боюнча бул сан 40 000ге чейин жетет. Мындай шартта жогорку окуу жайлар Z муунунун талаптарын  канааттандыра алабы деген суроо каралды.

Ошондой эле эмне үчүн Z мууну жогорку билим алууну улантууну каалабайт, алардын билимге болгон көз карашы жана окуу артыкчылыктары, академиялык, технологиялык жана санариптик инфраструктура, карьера жана жумушка орношуу багытындагы күтүүлөрү, психологиялык, социалдык жана маданий муктаждыктары, «идеалдуу университет» модели тууралуу маалымат берилди. Z муунунун күтүүлөрүнө ылайык университеттердин өзгөрүп жаткан ролу талкууланып, семинар жыйынтыкталды.