2026-жылдын 28-апрелинде университетибиздин Социология бөлүмүнүн окутуучусу доцент, (PhD) Бактыбек Исаков тарабынан студенттер үчүн “Кыргыздардын боз үйүндөгү мейкиндиктик иерархия жана салттуу жашоо формуласы” аттуу темада семинар өткөрдү.
Семинарда кыргыз көчмөндөрүнүн салттуу турак жайы болгон боз үйдүн ички түзүлүшү талданып, архивдик материалдардын негизинде анын ичинде өзгөчө мейкиндиктик иерархия бар экени көрсөтүлдү. Буга чейин окумуштуулар боз үйдүн ички түзүлүшүн негизинен беш бөлүккө очок, төр, босого, эр жак жана эпчи жак деп бөлүп гана сүрөттөп келишкен.
Бул семинарда аталган беш мейкиндиктин өз ара байланышы гендердик жана мейкиндиктик иерархиянын негизинде каралып, кошумча түрдө көр (өлүм) “алтынчы мейкиндик” катары киргизилди. Натыйжада ушул алты мейкиндик бир бүтүндүккө бириккенде кыргыздардын салттуу “жашоо формуласы” пайда боло тургандыгы тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле төр дайыма эң сыйлуу орун катары каралса, ага карама-каршы жайгашкан босого социалдык статусу төмөн жана бардык адамдар басып өтө турган мейкиндик экени белгиленди. Жашоо формуласы босогодон башталып, көр (өлүм) менен аяктай тургандыгы тууралуу концепция түшүндүрүлдү. Жыйынтыгында боз үйдүн ички мейкиндиктери аркылуу кыргыз коомунун дүйнө таанымы жана социалдык түзүлүшү интерпретацияланып, семинар жыйынтыкталды.


