2026-жылдын 13-майында саат 14:30да Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин Билим берүү илимдери бөлүмүнүн окутуучусу, доцент доктор Явуз Эржан Гүл университеттин студенттери үчүн «Билим берүү — жумшак күч катары» аттуу семинар өткөрдү. Семинардын максаты студенттердин эл аралык мамилелердеги билим берүүнүн стратегиялык ролу тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү жана глобалдашкан дүйнөдө билим берүү саясатынын маданий жана дипломатиялык таасирин талкуулоо болду.
Семинарда жумшак күч түшүнүгүнүн теориялык негиздери каралып, дүйнөдө билим берүү аркылуу жүргүзүлүп жаткан коомдук дипломатиянын мисалдары талданды. Бул алкакта ар түрдүү өлкөлөрдүн жогорку билим берүү саясаттары, стипендиялык программалары жана эл аралык студенттик мобилдүүлүк аркылуу ишке ашырып жаткан жумшак күч стратегиялары салыштырмалуу түрдө бааланды. Ошондой эле Түркия менен Кыргызстандын аймактык жана эл аралык деңгээлде жүргүзүп жаткан билим берүү жаатындагы кызматташтык мисалдарына да токтолду.
Доцент доктор Гүл билим берүү жеке өнүгүүнүн гана каражаты болбостон, мамлекеттердин маданий таасирин жана эл аралык аброюн калыптандырган күчтүү инструмент экенин белгиледи. Ошондой эле университеттердин орток тарыхый жана маданий мурасты бөлүшкөн коомдордун ортосунда көпүрө түзүүдөгү маанилүү ролуна көңүл бурду. Бул контекстте Кыргыз-Түрк «Манас» университети эки боордош өлкөнүн ортосунда билим берүү аркылуу өнүгүп жаткан маданий жакындашуунун эң көрүнүктүү мисалдарынын бири экенин айтты.
Семинардын соңунда студенттерге билим берүүнүн жумшак күч катары ролун тереңирээк таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк бере турган эл аралык алмашуу программалары жана академиялык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Иш-чара студенттердин суроо-жооптору жана өз ара пикир алмашуусу менен жыйынтыкталды.


