18.03.21
Борбордук Азияны изилдөө борборунун (ORASAM) мүдүрү Доц. Д-р. Юнус Эмре Гүрбүз 2021-жылы 18-март күнү, Кыргызстан-Түркия “Манас” университетинде өткөрүлгөн “18-март шейиттерди эскерүү күнү жана Чанаккале деңизиндеги жеңиши” аттуу атайын уюштурулган программасында доклад жасады.
“Австралиядан Чанаккалеге: Душмандыктан достукка” деп аталган презентациясында, Юнус Эмре Гүрбүз Чанакале согушу Австралияда кандайча баалангандыгы жана кандай маани берилгендиги, анын массалык эскерүү күнүнө айлангандыгын жана түрктөргө карата достук мамиле тууралуу баяндама жасады.