2024-жылдын 16-18-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк дүйнөсүн стратегиялык изилдөө борбору жана Гейдар Алиев атындагы “Ибн Халдун” университетинин Евразияны изилдөө борбору менен биргеликте “Евразиядагы өз ара байланыштарды жана кызматташууну бекемдөө” темасында IV Эл аралык Манас форумун өткөрдү.

Конференциянын негизги максаты, Евразиянын аймагында ишке ашырылып жаткан демилгелерди жана долбоорлорду талкуулоо, анализдөө, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн көз карашынан алганда, Евразиянын географиясы менен байланышкан маселелерди талкуулоо болду. Конференцияга эл аралык университеттердин өкүлдөрү жана Кыргыз-Түрк “Манас” университеттин профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Конференцияда сунушталган илимий баяндамалар түрк дүйнөсүн изилдөө жана эл аралык уюмдар боюнча адабияттарга олуттуу салым кошту. Айрыкча Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) алкагындагы кызматташтык жана интеграциялык демилгелер, ошондой эле жалпы көйгөйлөрдү чечүү боюнча аракеттер конференцияда маанилүү орунду ээледи. Евразиядагы демилгелер жана долбоорлор бардык жагынан талкууланып, бул долбоорлордо түрк дүйнөсүнүн ордуна өзгөчө көңүл бурулду.