2024-жылдын 4-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде «Аймактык кызматташууну бекемдөө: Борбордук Азияда жана анын чегинен тышкары Түрк мамлекеттер уюмунун ролу» темасында тегерек стол өткөрүлдү.
Университеттин ректоратындагы жыйындар залында өткөн иш-чараны Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк дүйнөсүн стратегиялык изилдөө борбору жана Гейдар Алиев атындагы Евразия изилдөөлөр борбору биргелешип уюштурушту. Бул иш-чара 2024-жылдын 6-ноябрында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-саммитинин алкагында уюштурулган.
Жыйынды Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясат таануу илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев ачып беришти. Андан соң саясат таануу илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев; проректор, профессор Камалбек Карымшаков; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кази Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын профессору Айнур Жоробекова; ЕККУ академиясынын окутуучусу, доктор Шайырбек Жураев; Ибн Халдун университетинин Гейдар Алиев атындагы Евразия изилдөөлөр борборунун директору, профессор Яшар Сары жана борбордун мүчөсү, доктор Наджиба Мустафаева баяндама жасашты.
Иш-чарада, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Борбордук Азияда жана анын чегинен тышкары аймактык биримдикти камсыздоодогу ролу жана анын салымы талкууланды. Катышуучулар түрк элдеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган стратегиялык кадамдар боюнча пикир алмашышты.
Иш-чара суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулардын илимий талкууларынын аркасында абдан жемиштүү болду. Жыйынтыгында баяндамачыларга ыраазычылык сертификаттары тапшырылып, жалпы катышуучулар менен эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.