2025-жылдын 18-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк дүйнөсүн стратегиялык изилдөөлөр борбору тарабынан, аталган университеттин ректоратынын конференц-залында “18-март Чанаккале жеңиши жана шейиттерди эскерүү программасы” өткөрүлдү.

Бул иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, проф. д-р Ибрахим Чапак, КТМУ ректору проф. д-р Алпаслан Жейлан,  биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, ректордун орун басарлары проф. д-р Режаи Доган жана проф. д-р Камалбек Карымшаков, факультет декандары, Башкы катчы проф. д-р Исмет Алтынташ, ошондой эле окутуучулар жана студенттер катышты.

Программа Чанаккале шейиттерин эскерүү үчүн бир мүнөт унчукпай туруу жана улуттук гимндерди аткаруу менен башталды.

Түрк дүйнөсүн стратегиялык изилдөөлөр борборунун (TÜRKSAM) төрагасы проф. д-р Насух Услу ачылыш сөзүндө, Чанаккале жеңишинин тарыхый маанисине токтолуп: “Бүгүн биз Чанаккаледеги баатырлардын ыйманы менен чечкиндүүлүгүн ар дайым сактап, кайсы жерде болбосун даңазалоого тийишпиз. Алар душманга каршы бирге туруп, өз мекенин коргошкон сыяктуу, биз дагы ошол эле аң-сезим менен өз милдетибизди аткарышыбыз керек”, - деп белгиледи.

Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев өз сөзүндө, Чанаккале жеңиши Түркия жана түрк элдери үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө тарыхында бурулуш учур болгонун баса белгилеп келип: “Чанаккаледе мындан так 110 жыл мурун болгон күрөш жөн гана согуш эмес, бул элдин эркиндиги, эрки жана көз карандысыздыгы үчүн жараткан улуу дастан. Бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн тарыхчылар бул жеңиштин маанисин жана таасирин терең изилдеп келишет”, - деп билдирди.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору проф. д-р Алпаслан Жейлан дагы Чанаккале жеңишинин жөн гана аскердик ийгилик эмес, улуттун биримдиги менен ынтымагынын жыйынтыгы болгонун баса белгилеп: “Чанаккале  бул элдин жашап кетүү эркин жана улуттук аң-сезимин көрсөткөн эң маанилүү жеңиштердин бири. Бул түрк элинин эсинде түбөлүккө сакталып, муундан муунга даңазаланып келген баатырдык дастан”, — деп, ал ошол кездеги күрөштөрдөн мисалдар келтирип, катышуучуларды толкунданткан көз ирмемдер менен бөлүштү.

Андан кийин КТМУ Камкорчулар кеңешинин төрагасы проф. д-р Ибрахим Чапак сөз сүйлөп, Чанаккале жеңишинин маанисине токтолду. Ал тарыхый дастандардын унутулбай, келечекке багыт берген баалуулуктар катары сакталышы керектигин белгилеп: “Эгерде биз рухубузду жоготсок, жашоо мүмкүнчүлүгүбүз да жок болот. Өткөндөгү курмандыктарды билүү келечегибизди бекем негизге куруу үчүн өтө маанилүү”, - деп белгиледи. Ошондой эле, проф. д-р Чапак Чанаккале духун келечек муундарга өткөрүп берүү маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул маанилүү иш-чараны уюштургандарга ыраазычылык билдирди.

Ачылыш сөздөрдөн кийин, Түркиянын расмий Чанаккале согуштарынын коллекционери Сейит Ахмет Сылай “Чанаккале согуштары боюнча туура деп эсептелген жаңылыштыктар” аттуу видео-конференция аркылуу баяндама жасады. Катышуучулар бул баалуу баяндама аркылуу, Чанаккале согуштары тууралуу маанилүү жана аз белгилүү маалыматтарга ээ болушту.

Программа Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттеринин Чанаккале темасындагы поэзияларды көркөм окуусу, патриоттук ырлар жана түркүлөрдү аткаруусу менен аяктады.