Кыргызстан-Түркия “Манас” университетинин негизги баалуулуктары жана миссиясына ылайык, ректорубуз проф. д-р Алпаслан Жейландын колдоосу менен башталган Кыргызстан-Түркия “Манас” университетинин Туруктуу билим берүү борбору (KTMÜSEM) тарабынан пландалган жана университетибиздеги Түрк дүйнөсүн стратегиялык изилдөө борбору (TÜRKSAM), Түрк дүйнөсү студенттер клубу, Эл аралык мамилелер клубу жана Аxмет Йасеви Университетинин Түрк дүйнөсү жаштар клубунун салымы менен ишке ашкан «Түрк дүйнөсү ой жүгүртүү мектеби» билим берүү долбоору ийгиликтүү аяктагандыгы маалым болду.

Туруктуу билим берүү борборунун башчысы доц. д-р Эркан Эфилтинин берген маалыматына ылайык, 2025-жылдын 3-апрелинен 13-майына чейин 5 жума бою жумасына 2 күндөн, күнүнө 2 сааттан сабактар өткөн. Бул билим берүүгө Түркия, Кыргызстан, Казакстан жана Азербайжан өңдүү 4 өлкөдөн жана 20 ар башка университеттен 135 катышуучу катталган. Сабактарды өз тармагында тажрыйбалуу 10 академик 4 өлкөдөгү 9 университеттен келип өткөрүшкөн.

Алар сабактарын адистиктери менен Түрк дүйнөсүнүн жаштарын бириктирген мазмунда окутушкан. Долбоордун негизги максаты, түрк дүйнөсүнүн жаштарына орток тамырларды эскертип, келечекке карата көз карашты кеңейтүү, биримдик сезимин бекемдөө жана керек учурда биргеликте аракеттенүү жөндөмүн калыптандыруу болгон.

Долбоордун идея автору, TÜRKSAM борборунун изилдөөчүсү Эрдэм Йылмаз: “Жыл сайын уланат деп үмүттөнгөн бул долбоор SEM жана TÜRKSAM тарабынан ишке ашырылып, эл аралык билим берүү сертификаты менен жыйынтыкталды. Студенттик уюмдардын катышуусу менен түрк дүйнөсүнүн биримдигине карай маанилүү кадамдар ташталды. Келерки жылдары дагы көптөгөн студенттик топторду камтыйбыз деп сөз берем” — деп билдирди.

Сабактардан кийин алынган баалоолорго ылайык, катышуучулар сабактар абдан пайдалуу болгонун, көп жаңы маалыматтарга ээ болушканын жана мурда билген темаларды да орток көз карашта баалап үйрөнүшкөнүн билдиришкен.

Бул мүмкүнчүлүктү түзүп берген Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору проф. д-р Алпаслан Жейланга жана салым кошкон бардык адамдар менен бөлүмдөргө терең ыраазычылык билдиребиз.