2025-жылдын 30-сентябрында Кыргыз-түрк “Манас” университетинин Түрк дүйнөсүн изилдөө боюнча стратегиялык борбору (TÜRKSAM) тарабынан Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында доцент, доктор Явуз Эржан Гүлдүн катышуусунда “Сапаттуу изилдөөлөрдө маалыматтардан маанини чыгарып алуу процесси: тематикалык талдоо” аттуу семинар өткөрүлдү.

Бул семинарда сапаттуу изилдөө ыкмаларында маалыматтарды системалуу түрдө талдоо жана алардын маанисин аныктоо процесстери кеңири талкууланды. Тематикалык талдоо ыкмасы, сапаттуу маалыматтарды терең изилдөөгө жана түшүндүрүүгө колдонулуучу эффективдүү ыкма катары белгиленди. Доцент Явуз Эржан Гүл бул ыкманын теориялык негиздерин, ишке ашыруу этаптарын жана практикалык мисалдарын катышуучулар менен бөлүштү.

Окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана студенттер үчүн маанилүү билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган бул семинарга көп сандагы адамдар катышты.