Университетибиздин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенттери борборубуздун жетекчиси проф. д-р Насух Услунун жана башка окутуучулардын коштоосунда 2025-жылдын 21-ноябрында Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнө барышты. Эки саатка созулган сапар учурунда, Европа Биримдигинин элчиси студенттерге кайрылуу жасады.

Бирөөнүн кесиби дипломат, экинчисинин кесиби изилдөөчү болгон өкүлчүлүк кызматкерлери, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, студенттердин суроолоруна жооп беришти.