2025-жылы 24-ноябрь күнү Түркиянын “Бахчешехир” университетинин окутуучусу д-р Нажиба Мустафаева университетибиздин студенттерине “Түрк мамлекеттери ортосундагы кызматташтык аркылуу көп тараптуулукту күчөтүү: Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) өзгөргөн ролу” аттуу семинар өткөрдү.
Эл аралык деңгээлде көп тараптуулук олуттуу чакырыктарга туш болуп жатканын мисалдар менен түшүндүргөн Мустафаева, Бириккен улуттар уюму (БУУ) баш болуп, эл аралык уюмдар реформаларга муктаж экенин белгиледи. Ошондой эле Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) акыркы кадамдарына токтолгон Мустафаева, жыйынтыгында учурдагы шарттарда түрк мамлекеттеринин БУУда жана башка эл аралык түзүмдөрдө аркалай турган ролдору көп тараптуулуктун өнүгүшүнө олуттуу салым кошо аларын баса белгиледи.


