- Подробности
19.10.23
Түркиянын айыл чарба жана энергетика тармагында иш алып барышкан ири компаниялардын өкүлдөрү, Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугунун чакыруусу менен Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин телеграм каналы билдирди.
- Подробности
19.10.23
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы менен 2023-жылдын 18-октябрь күнү жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
19.09.23
Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында, БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында, 19-сентябрь күнү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.
- Подробности
01.09.23
Президент Садыр Жапаров 30-августь күнү, Бишкек шаарындагы ички органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция ийгиликтүү жасалган, Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды.
- Подробности
30.06.23.
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаарынын курулушуна капсула салды. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты.
- Подробности
10.06.23
“Декна Бишкек Текстиль” компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинде болуп, бир катар маселелерди, анын ичинде жаңы текстиль фабрикасынын жабдууларын чек арадан өткөрүү тартибин талкуулашты.
- Подробности
06.06.2023
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-июнда Чаткалда алтын казган "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын директорлор кеңешининин башчысы Шереф Женгиз баштаган өкүлдөрү менен жолукту.
- Подробности
16.05.23
Кытайлык “Евразия Индустри” компаниясы, Кыргызстанда жаңы электромобиль унаа жыйноочу завод курууну пландоодо. Бул тууралуу, Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
12.05.23
Өзбекстан жана Кыргызстан Чүй облусунун Ак-Суу айылында, автоунааларды жана коммерциялык унааларды чогултуу жана өндүрүүчү жаңы заводдун курулушун баштады.
- Подробности
04.05.23
Кыргызстандын Инвестициялык агенттиги Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагына жалпы кубаттуулугу 50 (МВт) болгон күн электр станциясын куруу боюнча, Кыргызстан-Казакстан биргелешип түзгөн «Күн-Булагы» компаниясы менен меморандум түздү. Бул тууралуу, аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.












