- Подробности
29.09.20
Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзада, Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүштү. Көрүшмө учурунда өкмөт башчылары, эки өкөнүн ортосундагы товар алмашууну жакынкы жылдары 1 миллиард долларга жеткирүү керек экендигин белгилешти. Бул тууралуу, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
- Подробности
23.09.20
Өзбекстан өкмөтүнүн токтому менен жылдын бардык сезонунда, туристтерге кызмат көрсөтө турган «Бельдерсай-Чимган-Нанай» аттуу эл аралык стандартка жооп берген, курорттун курулушунун планы иштелип чыкты. Курорт Ташкент облусуна караштуу, Бостанлык районунда орун алмакчы.
- Подробности
18.09.20
Өзбекстан Түштүк Корея менен жогорку технологиялуу онкологиялык борбор курат.
- Подробности
21.09.20
Өзбекстан январь жана август айларынын ичинде 5,8 миллиард долларга бааланган алтын экспорттогон.
- Подробности
15.09.20
Түштүк Кореялык “Kia Motors Corporation” автомобиль куруучу компаниясы, Өзбекстанда жаңы үлгүдөгү автоунааларын чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу, компаниянын официалдуу сайтында жарыяланган. 2020-жылдын ноябрь айында, Жызак облусунда жайгашкан “ADM-Jizzakh” машина заводунда, бизнес-классындагы “Kia K5” жеңил унаа жана “Kia Seltos” үлгүсүндөгү жол тандабас автоунаалардын алгачкы ирет өндүрүлүп чыгуусу күтүлүүдө.
- Подробности
11.09.20
Өзбекстанда “Nike” жана “Adidas” бренддеринин бут кийимдерин өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу «Узчармсаноат» бирикмесинин төрагасы Фахриддин Бобоев Review.uz басылмасына берген маегинде билдирди.
- Подробности
11.09.20
Өзбекстан логистикалык максатта, Пакистандын эң ири деп эсептелинген үч деңиз портун пайдаланууну көздөөдө. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
08.09.20
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы сооданын көлөмү, Өзбекстан тараптын эсебинде, эки жылда 3,2 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу, «Кабар» улуттук маалымат агенттигиндеги маегинде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов билдирди.
- Подробности
01.09.20
Өзбекстандын өкмөтүнүн чечимине ылайык, “Jizzakh Petroleum” компаниясы жаңы уникалдуу газды кайра иштетүүчү заводдун курулушунун негизги инвестору болуп жарыяланган. Заводдун куруу иштери 2019-жылдын май айында башталган болучу.
- Подробности
22.07.20
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында, Өзбекстанда өздөштүрүлгөн чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмү 4,8 миллиард долларды түзгөн. Анын ичинде, тикелей чет өлкөдөн келген инвестициялар 3,2 миллиард долларды жана мамлекеттик кепилдиги менен алынган тышкы насыя 1,6 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу, Өзбекстан Республикасынын Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.