- Подробности
14.07.20
Түркмөнстанда азыркы учурга чейин, жалпы наркы 37 миллиард доллардан ашык акча каражатына 2,5 миңге жакын объектирлер курулган. Бул тууралуу, өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттүн кеңейтилген жыйынында маалымдаганын “Turkmenistan Today” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
13.07.2020
Түрк Кеңешин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн текстиль өнөр жайын абалын иликтеген эксперт Эльмар Юсифлинин айтымында, Түркмөнстан текстиль продукцияларын өндүрүү жана экспорттоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарына кирет.
- Подробности
10.07.20
Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Россияда чыгарылган коронавирус илдетине каршы дарыларды сатып алууну көздөп жатат. Сатып алууга уруксат берген тиешелүү токтомго 8-июль күнү президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон. Бул тууралуу, “Central Asia.news” маалымат агенттиги жазып чыкты.
- Подробности
02.07.20
Түркмөнстан, Афганистан жана Азербайжандын президенттеринин ортосунда, 2-июль күнү видео байланыш аркылуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда тараптар транспорт тармагындагы кызматташууну, ошондой эле экономиканын башка тармактарындагы кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу, CentralAsia.news маалымат агенттиги жазып чыкты.
- Подробности
01.07.20
Ирандын мамлекеттик “Iran Air” компаниясы Божнурд (Иран) - Ашхабад (Түркмөнстан) боюнча аба каттамын ишке киргизүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу, Иранын Түндүк Хорасан провинциясынын генерал-губернатору Мохаммад Али Шожай билдирген.
- Подробности
01.07.20
Түркиянын эркектердин модалуу кийимдерин чыгарган “Altınyıldız Classics” Түркмөнстанда биринчи дүкөнүн ачты. Дүкөн Ашхабад шаарында жайгашкан «Беркарар» соода борборунда орун алган. Бул тууралуу, “Anadolu” агенттиги билдирди.
- Подробности
12.06.20
2019-жылы Россия 300 миллион долларга, Түркмөнстандан жаратылыш газын сатып алган. Бул тууралуу, «Reuters» маалымат агенттигине Россиянын Ашгабат шаарындагы элчиси, Александр Блохин маалымат берип жатып билдирген.
- Подробности
09.06.20
Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен чектеш аймактан агып өтүүчү Теймен дарыясы аркылуу, жаңы автомобиль көпүрөсү курулгандыгын билдирди. Ачылыш аземи, Түркмөнстан менен Ирандын чек арасында жайгашкан “Сарахс-Сарахс” өткөрүү пунктунда болуп өткөн.
- Подробности
02.06.20
Түркмөнстан жана бир катар өлкөлөр, Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу (БУУ) Дүйнөлүк туризм уюму (ДТУ) менен биргеликте коронавирус илдети менен күрөшүүнүн ыкмаларын талкуулап чыгышты.
- Подробности
28.05.20
Түркия Республикасынын улуттук аба жолдору компаниясы “Turkish Airlines”, 2020-жылдын 1-июлунан тарта, Түркмөнстанга жана бир нече өлкөлөргө болгон аба каттамдарды калыбына келтирүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу, “Turizm Güncel” маалымат сайтында кабарланган.












