- Подробности
11.02.21
2021-жылдын 10-февраль күнү, Түркиянын Улуу улуттук жыйыны (парламент) Кыргызстандын өкмөтү менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында жайгашкан, Кыргыз-Түрк “Достук” мамлекеттик ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Түркиянын медицина жаатында жана медициналык адистиктер боюнча билим алуу жөнүндө келишимин ратификациялады.
- Подробности
10.02.21
Кыргызстанга февраль айынын соңунда, Улуу Британиянын “AstraZeneca” вакцинасынын 504 миң дозасы келет. Бул тууралуу, “Биринчи радионун” эфиринде Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
- Подробности
06.02.21
Кыргызстанга Түркиядан беш мобилдик клиника алып келинет. Бул тууралуу, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
06.02.21
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 4-6-февраль күндөрү, Түркияда иш сапары менен болуп кайтты. Бул тууралуу, министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
29.01.21
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев, Борбордук Азиядагы Түркияга тиешелүү “Маариф” фондунун директору Хүснү Биржан мырза менен жолугушту. Бул тууралуу, аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
25.01.21
Кыргызстандын өкмөтү темир жол линияларын электрлештирип, Казакстанга кеткен тепловоздорду электровоз поезди менен алмаштырууну пландап жатат. Бул тууралуу, Кыргызстандын өкмөтүнүн “2021-2025-жылдар аралыгында, Кыргызстанда темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө” токтом долбоорунда жазылган.
- Подробности
25.01.21
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин директорунун орун басары Сагынбек Ибраев 25-январь күнү, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри менен жолукту.
- Подробности
18.01.21
Түркиянын Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Стамбул шаарында штаб-квартирасы жайгашкан Дүйнөлүк Ахыска түрктөрүнүн биримдиги (ДАТҮБ) менен биргеликте, Кыргызстанда жашаган Ахыска түрктөрүнө коронавирус илдетине каршы медициналык гуманитардык жардам жөнөттү.
- Подробности
15.01.21
Бишкек шаарынын мээринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Худуш уулу Гидаят Оруджев менен жолугушту. Бул тууралуу, мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
12.01.21
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу, Садыр Жапаровдун шайлоо штабынан кабарлашты.












