13.07.20

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, шаардын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен ар бир райондо бейтаптарды дарылоочу түнкү стационарларды ачууну пландап жатышат.

10.07.20

Кыргызстан Россиядан коронавирус илдетине каршы “авифавир” дарысын алып келүүнү пландап жаткандыгын Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

08.07.20

Түркия Кыргызстанга коронавирустук инфекцияга каршы күрөштө жардам берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы  билдирди.

06.07.20

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен Катар мамлекетинин Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Абдулла бин Ахмед Ас-Сулаити жолугушту. Көрүшмө 6-июль күнү болуп өттү.

05.07.20

Түркия, Кыгызстанга 145 орундуу стационардык оорукана куруп берди. Бул тууралуу, ТИКАнын Бишкектеги координаторлугунун басма сөз кызматынан билдиришти.

05.07.20

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин маалыматы боюнча, 5-июль күнү Манас аэропортуна гуманитардык жардам катары Кыргызстанда иштеп жаткан Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилигинин жамааты жана Түркиялык ишкерлер сатып беришкен кычкылтек концентратор аппараттарынын 150 даанасы алынып келинмекчи.

05.07.20

Кыргыз Республикасынын өкмөтү 500 даана мобилдүү кычкылтек концентратор аппараттарын Кытайдан сатып алды. Жүктөр  5-июнь күнү Кытайдан чартердик аба каттамы менен Бишкек шаарына жеткирилген. Бул тууралуу, өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти.

03.07.20

2020-жылдын 3-июль күнү, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өттү.

01.07.20

Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) Ош облусунун дарыгерлерине 3 миллион 300 миң сомго (41 миң доллар) бааланган медициналык коргонуучу шаймандарын тапшырды. Бул тууралуу, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

23.06.20

Кыргызстан 2020-жылдын 4 айында 317,61 миң долларга дүйнөнүн 15 мамлекетине 100,11 тонна бал экспорттогон.