- Подробности
14.12.18.
Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда 32 өнөр-жай ишканалары өндүрүшүн кайрадан жандантты. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.
- Подробности
19.12.18.
Ош шаарында 19-декабрда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөт башчыларынын жолугушуусу болуп өттү. Өкмөт башчылары чек ара аймактарынын башчыларынын кеңеши экинчи жыйынына да катышышты.
- Подробности
Түркиянын Кастамону шаарында, ТҮРКСОЙдун маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин кезектеги 36-жыйналышынын жабылыш отурумунда, Кыргызстандын Ош шаары “2019 Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары” деп белгиленди.
- Подробности
14.12.18
Бишкек
Экономика министрлигинин билдирүүсүнө караганда Кыргызстанда ишкерлер үчүн бизнес борбору курулуп жатат.
- Подробности
04.12.18.
Он ай аралыгында Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы соода алмашуу 50 пайызга, тагыраагы $ 325 млн. долларга жеткен. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
Кыргызстанга 2018-жылдын биринчи 9 айында чет өлкөлөрдөн, 1.9 млрд. доллар өлчөмүндө каражат которулган. Кыргызстандын борбордук банкынын билдиришинче, ушул эле көрсөткүч өткөн 2017-жылдын январь жана сентябрь айларына салыштырмалуу 7,1 % пайзга же 130,9 долларга көптүк кылат.
- Подробности
26.11.18.
Centerra Gold Inc. ("Центерра") жана "Кумтөр" компаниясы 2018-жылдын үчүнчү чейрегиндеги ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул жөнүндө компаниянын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирди.
- Подробности
Россия-Кыргыз өнүгүү фонду (РК ӨФ) 2018-жылы региондордо айыл-чарба азыктарын жана мал-чарба азыктарын кайра иштетүүнүн каржылоосун 14-15 пайызга арттырды. Бул жөнүндө фонддун басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
Кыргызстанда алтынга болгон жылдык муктаждык 5 тоннаны түзөт. Бул тууралуу өткөн басма сөз жыйынында Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубан Айдаралиев билдирди.
- Подробности
21.11.18.
Измир
20-ноябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата Түркия Республикасынын Измир шаарында уюштурулган "ТүркПАнын алгачкы он жылы жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги: кызматташтыкка карай жаӊы кадамдар" аталышындагы конференцияга катышты.