Turmush – Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков  жетектеген кыргыз өкмөтүнүн делегациясы Өзбекстан чек арасында  салтанаттуу тосуп алынды.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков КР Өкмөтүнүн сайтындагы жарыяга  ылайык, Фергана кабар агенттигинин билдирүүсүндө Кыргызстанда  чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигине уруксат берүү тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү.

КРнын өкмөт башчысы бүгүн III Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына даярдык боюнча жумушчу жолугушуусун өткөрдү.

2017-жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга  2 млрд 482,2 млн доллар жиберген. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Turmush -  Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка караганда, президенттер эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношуна 25 жыл толгондугуна байланыштуу сүйлөштү.

Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында Дубай шаарынын полициясынын Штаб-квартирасында болуп, анда полициянын ишмердүүлүгү жана "Акылдуу шаар" коомдук тартипти коргоодогу алдыңкы технологияларды колдонулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара райондорунда ишеним чараларын камсыз кылуу боюнча келишим күчүнө кирди.

Бишкек /8-февраль / Кабар /. Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков Өзбекстан тышкы соода министри Жемшит Хoжaев менен жолугушуп, өткөн жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү май-ноябрь айларында 281,2 млн долларды түзгөнүн билдирди.

Бишкек, 8-февраль, Кабар. Кыргызстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Өзбекстандын тышкы соода министри Жемшит Хожаев, Өзбекстан менен Кыргызстан арасындагы экономикалык мамилелердин алдындагы тоскоолдуктарды жоюуга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

CA-NEWS (TJ) –  Британия  Backpacker коому (British Backpacker Society) тарабынан түзүлгөн тизмеде Кыргызстан бешинчи орунду ээлөө менен туризм үчүн эң мыкты беш өлкөнүн катарына кирди.