- Подробности
20.12.21
Индиянын Нью-Дели шаарында, 19-декабрь күнү Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Тышкы иштер министри Рашид Мередов баштаган Түркмөнстандын делегациясы үчүнчү “Борбордук Азия-Индия” диалогуна катышып келишти.
- Подробности
12.17.21
Татарстан Республикасынын жүк ташуучу унааларын чыгарган “КАМАЗ” автозаводу, Түркмөнстанга 2022-жылы сыноо үчүн электр менен жүрүүчү автобустарын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Tatar-inform” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
08.12.21
Түркмөнстандын газ өндүргөн кендеринин катары жаңы “Агаргуй” кени менен толукталды. Жакында эле аталган кенде эки скважина бургуланып, көгүлтүр от өндүрүү иштери башталды.
- Подробности
03.12.21
Түркмөнстан Кыргызстанга Түркмөнбашы эл аралык деңиз портун товарларын ташуу үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушун берди. Мындай сунуш бейшемби күнү соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча “Түркмөн-кыргыз” өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи онлайн отурумунда талкууланды.
- Подробности
30.11.21
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 29-ноябрь күнү, Россиянын “Лукойл” компаниясынын башчысы Вагит Алекперов менен Каспийдеги мунай жана газ кендерин казып алуу жана иштетүү маселесин талкуулашты.
- Подробности
29.11.21
Ашхабад шаарында 28-ноябрь күнү өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитинин жүрүшүндө, Ирандын президенти Эбрахим Раиси жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин, жана ошондой эле Түркмөнстандын, Ирандын Азербайжандын газ департаменттеринин жетекчилери жаратылыш газын жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту.
- Подробности
27.11.21
Түркия Түркмөнстан менен активдүү кызматташууну жактайт. Бул тууралуу Түркияныны президенти Режеп Тайып Эрдоган 27-ноябрь күнү, Ашхабадда Түркмөнстандын мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен болгон көрүшмөнүн жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйыны учурунда билдирди.
- Подробности
27.11.21
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 26-ноябрь күнү Азербайжандын Экономика министри Жаббаров Микаил Чыңгыз Оглун кабыл алды. Жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасалды. Бул тууралуу Түркмөнстандык расмий маалымат каражаттары жазып чыгышты.
- Подробности
20.11.21
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 19-сентябрь күнү “Garagum” мейманкананын ачылыш аземинин алкагында, өкмөт мүчөлөрү жана Түркиялык “Rönesans Holding” компаниясынын төрагасы Эрман Ылыджак менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Көрүшмөдө өлкөдө жаңы электр станцияларын куруу жана бул багыттагы биргелешкен иштердин аткарылышы талкууланды.
- Подробности
19.11.21
Бейшемби күнү Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Азербайжандын экономика министри Микаил Жаббаровду кабыл алды. Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары кабарлагандай, жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.