- Подробности
20.04.22
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапарынын алкагында кыргыз-азербайжан биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
- Подробности
19.04.22
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 19-апрель күнү, Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган менен көрүштү. Бул тууралуу, Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
14.04.22
“Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы учурда 50 млн долларды түзөт. Келечекте анын капиталы 200 млн долларга чейин жогорулатылат. Бул тууралуу, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
14.04.22
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстандын Вице-премьер-министри, инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен 14-апрелде жолугушту.
- Подробности
11.04.22
Башкортостандан келген делегация, Кыргызстандан кездемелерди жана атайын тигилген кийимдерди сатып алууга кызыкдар. Бул тууралуу “Орус-кыргыз” өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ) маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
11.04.22
Кыргызстан жана Түркия соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу, Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
08.04.22
Бишкек шаарында болуп өткөн “Келечектин жеткиликтүү жана туруктуу энергиясы жолунда, Кыргызстандын энергетика секторун трансформациялоо” Эл аралык энергетикалык форумунун алкагында, бир катар инвестициялык макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлду.
- Подробности
01.04.22
Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылында М.Баетов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин ачылышы болду. Долбоордун сметалык баасы 3,5 миллион долларды түзүп, анын курулушуна, Өзбекстан акча каражатын бөлүп берген.
- Подробности
01.04.22
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун курулушун башталгандыгын билдирди. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыл аягына чейин 5 чакырым темир жолду куруу пландалууда.
- Подробности
01.04.22.
Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Бул тууралуу, министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.












