14.11.21

2022-жылдын 1-сентябрына чейин Түрк мамлекеттеринин инвестициялык фонду түзүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркияга болгон иш сапарынын жыйынтыгында билдирди.

12.11.21

Садыр Жапаров 11-ноябрь күнү Стамбул шаарында Түркиянын ишкерлер чөйрөсү менен жолугушуу учурунда, аларга Баткен облусуна инвестиция салууну сунуштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

12.11.21

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 12-ноябрь күнү, Түркиянын Стамбул шаарында, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) саммитинин алкагында Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

13.11.21

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 12-ноябрь күнү Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) катышуучу Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

10.11.21

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кубаттуулугу 30 мегаваттка чейин жеткен 50 даана чакан гидроэлектростанция (ГЭС) ишке кирүүгө дээрлик даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу ал “Коммерсант” гезитине берген маегинде билдирген.

06.11.21

“Европа Биримдиги – Борбордук Азия” биринчи экономикалык форумунун алкагында, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чары Гылыжов менен жолугушту. Бул тууралуу премерь-минстрдин басма сөз кызматы билдирди.

28.1021

Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү быйылкы жылдын алгачкы  10 айында 508 миллион долларды түздү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев “Азаттыкка” маалымат кызматына  берген маегинде билдирди.

29.10.21

Кыргызстандын Инвестициялар министрлиги Түркиянын Соода өнөр-жай жана биржалар биримдигинин (TOBB) өкүлдөрүнө 50 даана инвестициялык долбоорду Түркиянын бизнес коомчулугуна жайылтуу үчүн тапшырды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

29.10.21

Кыргызстандын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов менен жолугушту.

31.10.21

Кыргызстандын “Легпром” ассоциациясынын жана кийим тигүүчү ишканаларынын өкүлдөрү, Стамбул жана Бурса шаарларына болгон сапарынын алкагында, Түркиянын текстиль жана тигүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбалары менен таанышты.