01.04.22
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун курулушун башталгандыгын билдирди. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыл аягына чейин 5 чакырым темир жолду куруу пландалууда.
“Балыкчы-Кочкор” (63км) “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” (186 км) темир жол долбоорунун биринчи этабы болуп эсептелет.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Азыркы учурда 500 метр темир жол линиясын төшөө иштери аяктады. Жылдын аягына чейин 5 чакырымга жакын темир жолду төшөө күтүлүүдө. Темир жолду толук бүткөрүп, ишке киргизүү 2030-жылга чейин күтүлүүдө” – деп маалымдалат.
Долбоор учурда өлкөнүн өздүк каражаттарынын эсебинен, кошумча инвестиция тартылбастан ишке ашырылып жатканы айтылды.
Калкты жана Бишкек ТЭЦин көмүр менен камсыз кылуу үчүн ‘Кара-Кече” көмүр кенин иштетүүдө темир жол менен көмүрдү ташуу эң арзан жолго айланаары күтүлүүдө.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Жаңы темир жолдун курулушу өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү, экономиканы көтөрүү, аймактарды транспорттук байланыш менен камсыздоо жана жалпы өлкөнүн бүтүндүгүн чыңдоо сыяктуу бир катар маселелерди чечет”- деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчысы, Макмал аркылуу Жалал-Абадга чейин темир жолду курууну улантуу менен өлкөнүн түндүк-түштүк аймактарын акырындык менен бириктирүү зарылдыгын белгилеп, ошондо гана бул жол толугу менен Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштей турганын кошумчалады.