11.02.20

Кыргызстанда 2019-жылы 63,93 млн долларга бааланган 7 инвестициялык долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу, "Кабар" агенттигинин маалымат жыйынында, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек билдирди.

08.02.20
2019-жылдын январь-ноябрь айларында, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө Кыргызстандан экспорттолгон товардын көлөмү 38 миллиард 461 миллион 238,6 миң сомду  ($551 миллион 216,6 миң долларды) түзгөн.

06.02.20

2020-жылдын 6-февраль күнү, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда иш сапары менен болду. Өлкө башчысы эл менен жолугушуу учурунда: "Акыркы эки жыл ичинде ата мекендик айыл чарба продукцияларынын экспортунун географиясы кеңейди", - деп белгилеп өттү.

03.02.20

Кыргызстан менен Германиянын өз ара соодасынын көлөмү 2019-жылдын 10 айында $57,76 миллион долларды түзгөн.

 30.01.20

 Ош шаарында Борбор Азиядагы алдыңкы машина чыгаруучу завод курулууда. Ишкана жакында өз ишин баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

27.01.20

2019-2023-жылдар аралыгында, кыргыз өкмөтү логистикалык борборлорду курууну улантат. Бул тууралуу, 2020-жылдын 27-январь күнү вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйыны учрунда билдирди.

20.01.20

Алдын ала маалымат боюнча, 2019-жылы Кыргызстанга 972,9 миң тонна мунайзат ташылган. Бул тууралуу, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

25.12.19

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 25-декабрь күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйынында сүйлөп жатып,  2019-жылдын 9 айында өлкөгө келген инвестициялардын көлөмү, 2018-жылга салыштырмалуу 67,3% пайызга өскөндүгүн. Инвестициянын жалпы суммасы $577 миллион долларга жеткендигин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жасалып жаткан бир нече иш аракеттерге токтолуп өттү.

 Аларга:

  1. Эки жылдык мөөнөткө чейин жаңы түзүлгөн ишканаларды текшерүүгө убактылуу тыюу салынган;
  2. Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча, “Бизнес-омбудсмен” институту киргизилген;
  3. Юридикалык жактарды электрондук каттоо боюнча маалыматтык системасы пайда болду;
  4. Салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча долбоордун алкагында электрондук патент, электрондук эсеп-фактура, онлайн контролдук-кассалык апараттары ишке киргизилген;
  5. Технологиялык жабдууларды импорттоо менен алектенген ишканалар бажы алымдарынан бошотулган;

 

https://www.tazabek.kg/news:1587475?from=tazabek&place=mainlast

24.12.19

2019-жылдын 7-май күнү Түркиянын Анкара шаарында кол коюлган виза маселесине байланышкан кошумча протоколду ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков  24 - декабрь күнү кол койду.

19.12.19

Кыргызстандын айыл чарбасын колдоо, региондордун өнүгүүсүнө түздөн-түз мүмкүндүк берет. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абулгазиев, Ош облусунун Араван районуна караштуу “Интернационал” айылында жайгашкан күнөскана комплексинин иши менен таанышуу учурунда билдирди.