08.07.20
Түркия Кыргызстанга коронавирустук инфекцияга каршы күрөштө жардам берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Түркия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары:
- 20 даана өпкөнү жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппарат ;
- 50 миң даана маскалар;
- Операция үчүн 100 миң даана маска;
- 35 миң даана медициналык кийим;
- 2 миң даана коргоочу визор;
- 20 миң даана корона вирусту аныктоочу ПЦР тест;
- 10 миң куту гидроксихлорохин таблеткалары;
- 50 даана кычкылтек концентраторлору алынып келмекчи.
Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги: “Бул гуманитардык жардам Түркия жана Кыргызстандын ортосундагы достуктун жана сый урматтын белгиси” - деп билдирди.