- Подробности
06.12.22
Логистикалык борбор Актобе эл аралык аэропортунун базасында ишке ашырылат. Анын курулушуна 160 миллион доллар инвестиция коротулат.
- Подробности
28.11.22
2022-жылдын январь-сентябрь айларында, Казакстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 5,6 миллиард долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 29,9% пайызга көбөйгөн. Анын ичинде экспорт 29,7% пайызга жетип 4 миллиард долларды түзсө, импорт 30,4% пайыга жогорулап 1,7 миллиард долларга чейин өскөн. Бул тууралуу “finprom.kz” маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
22.11.22
Казакстан 2023-жылы “Баку-Тбилиси-Жейхан” мунай кууру аркылуу Түркияга 1,5 миллион тонна мунай жөнөтүүнү пландоодо.
- Подробности
19.11.22
Түндүк Казакстан облусуна караштуу, Аккайын районунда жылына 5 миң тонна тоок этин өндүрө турган канаттуулар фабрикасы ачылды. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору билдирди.
- Подробности
17.11.22
Казакстандын Караганды облусунда “Күчтүү аймактар өлкөнүн өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы” улуттук долбоорунун алкагында “Достык-Мойынты” темир жол тилкесинин экинчи жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу “primeminister.kz.” маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
16.11.22
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 15-ноябрь күнү Алматы шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында, Кытайдын автоунаа өндүрүшүнө таандык бренд болуп эсептелген “Changan”, “Chery” жана “Haval” маркасындагы автоунааларды чыгарган заводдун курулушун баштоо аземине катышты.
- Подробности
10.11.22
Шаршемби күнү Астанада Казакстандын Соода жана интеграция министри Серик Жумангарин Пакистандын өкмөттүк делегациясы менен жолугушту. Жолугушууда тараптар, энергетика тармагындагы кызматташтыктын келечегин жана “Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия” (TAPI) газ куурунун кубаттуулугун пайдалануу менен газ транзитин ишке ашырууну талкуулашты.
- Подробности
29.10.22
Казакстан жана Кыргызстан мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүү тармагында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар. Бул тууралуу, Казакстандын Айыл чарба министри Ербол Карашукеев Кыргызстандын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында билдирди.
- Подробности
25.10.22
Үстүбүздөгү 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен Өзбекстанга азык-түлүк экспорттоо боюнча, Казакстан алдыңкы орунга чыккан. Бул тууралуу, «Казинформ» агенттиги билдирди.
- Подробности
05.10.22
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-октябрь күнү Караганды облусунун аймагына жасаган иш сапарынын алкагында, “KamaTaresKZ” автоунаа дөңгөлөктөрүн чыгаруучу заводунун ишмердүүлүгү менен таанышууга барды. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.