09.07.24
Батыш Казакстан облусунун акими Нариман Төрегалиев түркиялык “Fatinoglu” холдингинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда тараптар, Батыш Казакстан облусунда жаңы жогорку технологиялык өндүрүштү түзүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу, акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Нариман Төрегалиев талкууланып жаткан долбоорду ишке ашырууга облус акимиаты ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп, учурда Батыш Казакстан облусунда түркиялык капиталды тартуу менен жети ишкана иштеп жатканын билдирди.
Нариман Төрегалиев: “Аймактарга инвестиция тартуу мамлекет башчысынын өзгөчө көзөмөлүндө. Биздин аймак Түркиянын компаниялары менен активдүү кызматташып келет. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүү 321,5 миллион долларды, экспорт 303,4 миллион долларды, импорт 18 миллион долларды түздү. Аймакта жаңы жогорку технологиялык өндүрүштү түзүү боюнча сиздердин демилгелериңиздерди ишке ашырууга кызыкдар экендигибиз талашсыз. Биз сиздердин идеяларыңызды ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз”, - деп белгилеп өттү.
Ал ошондой эле холдингдин аймакка кириши жаңы технологияларды трансферттөө жана жаңы жумуш орундарын түзүү жагынан келечектүү натыйжаларга ээ экенин, бул жалпысынан аймактын экономикасына оң таасирин тийгизерин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, “Fatinoglu” холдинги дүйнөлүк рынокто санитардык-техникалык буюмдарды жана радиаторлорду эң ири өндүрүүчүлөрдүн бири катары, Түркиянын экспорттоочу компанияларынын алдыңкы рейтингине кирген.