- Подробности
18.06.24
Казакстан жана Азербайжандын байланыш операторлору Каспий деңизинин түбүн бойлой Транскаспий оптикалык интернет байланыш линиясын (ВОЛС) тартуу долбооруна 50,6 миллион доллар (23 миллиард теңгеден ашык) инвестиция салат.
- Подробности
04.06.24
Казакстандын Азербайжандагы элчиси Алим Байел жана Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясынын (SOCAR) президенти Ровшан Нажаф эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.
- Подробности
01.06.24
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Бишкекке келген, Казакстандын Каржы министри Мади Такиев менен расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
- Подробности
29.05.24
Казакстандын Мангыстау облусунун акими Нурдаулет Килыбай менен Түркиянын Актау шаарындагы башкы консулу Сабри Алптекин соода-экономикалык жана маданий-социалдык байланыштарды чыңдоо жана кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу, акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
28.05.24
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Түркмөнстан менен Казакстан жаңы газ кендеринде биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Бул тууралуу, Казакстандын Вице-премьер-министри жана Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушуудан кийин билдиргендигин “Казинформ” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
24.05.24
Казакстандын Актау шаарында автоунааларды ташуу боюнча, Казакстан жана Кытайдын биргелешкен комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Ошентип, тарыхта биринчи жолу “Кытай-Казакстан-Азербайжан-Грузия” маршруту боюнча “Курык” жана “Баку” деңиз порттору аркылуу товарды алгачкы жолу транзиттик автожол менен ташуу ишке ашырылып баштады. Бул тууралуу, Казакстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
21.05.24
Түркиянын Стамбул шаарында Түрк инвестициялык фондуна мүчө өлкөлөрдүн башкаруу кеңешинин биринчи инаугурациялык жыйыны болуп өттү. Казакстандын Кеңештеги өкүлү болуп вице-премьер-министр улуттук экономика министри Нурлан Байбазаров дайындалганын “primeminister.kz” маалымат булагы билдирди.
- Подробности
20.05.24
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түркиянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Акорданын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолугушууда Казакстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланды.
- Подробности
16.05.24
Казакстанда иштеп жаткан Азербайжан компанияларынын саны 2024-жылдын май айына карата алганда 18,4% пайызга көбөйгөн.
- Подробности
15.05.24
Казакстандын Мажилиси (парламенти) “Казакстандын өкмөтү менен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин ортосунда региондо өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү жана анын ишин жөнгө салуу жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун кабыл алышты.












