20.05.24
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түркиянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Акорданын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолугушууда Казакстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы парламенттик дипломатиянын маанисин белгилеп, Түркиянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын сапары достук жана кызматташтык келишиминин 30 жылдыгына карата символикалык мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-инвестициялык алакалардын жакшы өнүгүп жатканын белгилеп, эки тараптуу сооданын көлөмү 10 миллиард долларга жетээрине ишеним билдирди.
Өз кезегинде, Нуман Куртулмуш меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Түркия менен Казакстандын ортосундагы соода, технология, өнөр жай, логистика, энергетика жана айыл чарба сыяктуу ар түрдүү тармактарда кызматташуунун мындан ары да бекемделерине ишенимин билдирди.
Ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланды.