08.01.26

Быйыл Казакстан Түрк тилдүү мамлекеттердин Соода-өнөр жай палаталары бирлигине төрагалык кылууда. Бул тууралуу Астанада өткөн уюмдун III Башкы ассамблеясынын жыйынында маалымдалды. 2019-жылдан бери бирликке Азербайжан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Түркмөнстан мүчө болуп саналат. Астанадагы жыйында Венгриянын расмий мүчөлүгү да тастыкталды.

Түрк экономикалык мейкиндиги 180 миллиондон ашуун калкты камтып, ири өндүрүштүк жана ресурс потенциалына ээ. Бирликтин негизги максаты  өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүү, өнөр жай кооперациясын жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык каттамдарды жана транспорттук коридорлорду өркүндөтүү. Бул багытта Түрк инвестициялык фондунун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу пландалууда.

Азербайжан Ишкерлер конфедерациясынын төрагасынын орун басары Вугар Зейналовдун айтымында, фонд быйыл өз ишин баштады жана бул төрагалык мезгилдеги эң маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Анын белгилешинче, фондго сунушталган негизги демилгелердин бири — Каспий деңизиндеги соода жүгүртүүнү көбөйтүү. Бул түрк мамлекеттеринин биримдиги үчүн өзгөчө маанилүү, анткени учурда Каспий аркылуу ири жүк агымы калыптана баштады.

Казакстан үчүн түрк багыты тышкы экономикалык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Өткөн жылдын январь–октябрь айларында Казакстандын түрк мамлекеттери менен болгон соода жүгүртүүсү 11 миллиард долларга жетип, 10 пайызга өскөн. Анын басымдуу бөлүгүн экспорт түзөт. Бирликке мүчө өлкөлөргө жөнөтүлгөн продукциянын көлөмү дээрлик 17 пайызга өсүп, 8 миллиард долларга жакындады. Бул Казакстандын экспорттук түзүмүнүн сапаты жогорулап жатканын көрсөтөт. Өлкөнүн логистиканы оптималдаштыруу жаатындагы тажрыйбасы бирликтин ишине олуттуу салым кошот.

“Атамекен” Улуттук ишкерлер палатасынын башкармалыгынын төрагасы, бирликтин төрагасы Райымбек Баталовдун айтымында, транспорт жана логистика тармагындагы көйгөйлөр соодада тоскоолдук жараткан алсыз жерлерге инвестиция салууну талап кылат. Бул көбүнчө темир жол өтмөктөрүнө, деңиз каттамдарына жана транспорт каражаттарынын жетишсиздигине байланыштуу. Алгач дал ушул багыттарга көңүл бурулат. Ошондой эле өлкөлөр ортосунда документ жүгүртүүнү шайкеш келтирүү зарыл. Бул процессти санариптештирүү боюнча демилге көтөрүлүп, Казакстан бул жаатта үлгү көрсөтүп келет.

https://silkwaytv.kz/tr/kazakistan-tuerk-dili-konusan-uelkeler-ticaret-ve-sanayi-odalari-birligi-nin-baskanligini-uestlendi_62350