06.10.2026

Азербайжандын фармацевтика тармагындагы импортко көз карандылыгын азайтууга багытталган дагы бир ири инвестициялык долбоор ишке ашырылды.

18.09.2026

Түркмөнстан жана Казакстандан Баку–Тбилиси–Жейхан (БТЖ) мунай кууру аркылуу ташылган мунайдын көлөмү 2026-жылдын январь–август айларында 3 млн 028,5 миң тоннага жетти.

16.09.2026

Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосундагы жашыл энергетикалык коридордун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН) 2027-жылдын май айына чейин даярдалышы пландалууда. Бул тууралуу Vesti.az Азербайжандын Энергетика министрлигине таянуу менен билдирди.

11.09.2026

Алдын ала көрсөткүчтөргө ылайык, 2026-жылдын алгачкы сегиз айында Баку эл аралык деңиз порту менен Түркмөнстандын портторунун ортосундагы жүк жүгүртүү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 34,6% пайызга өстү. Бул тууралуу, “Азербайжан темир жолдору” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

05.09.26

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда саламаттык сактоо тармагындагы илимий жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында уюштурулган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн травматологдору жана ортопеддеринин эл аралык конгресси Азербайжандын борбору Баку шаарында өттү.

01.08.26

Азербайжанга таандык Каспий деңизинин акваториясындагы жалпы аянты 711,4 чарчы чакырым болгон суу тилкеси кайра жаралуучу энергия булактарынын аймагы деп жарыяланды. Тиешелүү чечимге Азербайжандын Премьер-министри Али Асадов кол койду.

08.07.2026

Түркмөнстан–Азербайжан Өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 9-жыйынынын алкагында Түркмөнстанга барган Азербайжан делегациясынын курамындагы Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары Натиг Ширинов Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

22.06.26

Азербайжан өзүнүн өнүккөн транспорттук-транзиттик инфраструктурасы аркылуу Өзбекстандын Европа базарларына чыгышын камсыздап, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү ролду аткарып жатат. Бул тууралуу Vesti.az агенттиги билдирди.

22.06.2026

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухамедов Азербайжанга жасаган расмий сапарынын алкагында борбор шаар Баку шаарында аскердик салтанат менен тосуп алынды. Бердымухамедовду Азербайжандын президенти Илхам Алиев расмий азем менен кабыл алды. Эки лидердин жекеме-жеке жана кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин эки өлкөнүн ортосунда миллиарддаган долларлык потенциалга ээ болгон маанилүү келишимдерге кол коюлду.

20.06.26

V Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында, Өзбекстан менен Азербайжандын экономикалык кызматташтыгын сапаттык жактан кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө багытталган эки тараптуу документтердин пакетине кол коюу боюнча салтанаттуу азем болуп өттү.