08.10.2026

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түркмөнстанда өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын башчыларынын сегизинчи Консультативдик жолугушуусунда аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода көлөмүн 20 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү сунуштады.

05.10.2026

Казакстан 2025-жылы 1,142 млрд долларлык IT-кызмат экспорттоп, бул көрсөткүч беш жыл мурдагыга салыштырмалуу дээрлик 34 эсеге өстү. Казакстанда иштелип чыккан санариптик чечимдер дүйнөнүн 110дон ашык өлкөсүндө колдонулат. Бул тууралуу өлкөнүн Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлигинин маалыматтары күбөлөндүрөт.

28.09.2026

Түрк инвестициялык фонду (ТИФ) Алматы эл аралык аэропортун модернизациялоого $20 млн долларга чейин каражат бөлөт. Бул каражат Bank of America уюштурган жалпы көлөмү $670 млн доллар болгон эл аралык каржылоо пакетинин алкагында берилет. Каржылоо боюнча келишим 28-сентябрда Стамбул шаарында жарыяланды.

25.09.2026

Казакстан, Азербайжан жана Грузия Орто коридордун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен иштерди активдештирүүдө. Бул тууралуу Казакстандын «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясы» АКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ерлан Койшибаев Бакуда өткөн II Азербайжан эл аралык инвестициялык форумунун панелдик сессиясында билдирди. Бул тууралуу Vesti.az маалымдады.

21.09.2026

Анталья шаарында Казакстан–Түркия автомобиль транспорту боюнча биргелешкен комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу, Казакстандын Автомобиль транспорту жана транспорттук көзөмөл комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

22.08.26

Казакстандын IT-кызматтарынын экспорту акыркы беш жылда 30 эседен ашык өсүп, 2025-жылдын жыйынтыгында 1,142 млрд долларга жетти. Бул тууралуу Казакстандын Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

18.08.26

2026-жылдын январь–июнь айларынын жыйынтыгы боюнча Казакстандын экспорту 8,6% пайызга өсүп, 40,3 млрд долларга жетти. Тышкы рынокторго жеткирүүлөр импортко караганда тезирээк өсүүдө. Оң соода балансы дээрлик 9 млрд долларга жакындады. Казакстандын товарлары Кытай, Түркия, Франция, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн рынокторунда өз позицияларын кыйла бекемдеди. Бул тууралуу Kapital.kz бизнес-маалымат борбору билдирди.

03.08.26

Казакстан Евразиядагы транзиттик мүмкүнчүлүгүн жаңы деңгээлге чыгара турган ири транспорттук долбоорду ишке ашырууда. Арал деңизи менен Каспий деңизинин аймактарын байланыштырган стратегиялык автожолдун курулушуна арналган салтанаттуу пайдубал түптөө аземи өттү. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Акордо резиденциясынан видеоконференция аркылуу катышып, Кызылорда–Саксаул, Улгайсын–Саксаул жана Бейнеу–Саксаул жол тилкелеринин курулушуна расмий түрдө старт берди.

31.07.26

Каспий деңизинин түбүнө тартылуучу суу алдындагы кабель линиясын орнотуу боюнча деңиздеги иштер башталды. Аймактын санариптик келечегин калыптандыруучу бул долбоорду ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

09.07.2026

Казакстан Каспий деңизинин түбү аркылуу Азербайжандын борбору Бакуга чейин өтүүчү Транскаспий мунай түтүгүн куруу мүмкүнчүлүгүн изилдей баштады. Долбоордун негизги максаты – казак мунайын «Баку – Тбилиси – Жейхан» (БТЖ) мунай кууру аркылуу дүйнөлүк рынокторго экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү.