19.02.26

Өзбекстандын Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттигинин директору Сохибжон Муродов Түркиянын “Anadolu Group” холдингине караштуу “Anadolu Isuzu”, “Anadolu Efes” жана “Coca-Cola İçecek Uzbekistan” компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

16.02.26

Өзбекстанда 2026-жылдын 1-февралына карата Азербайжан капиталынын катышуусу менен 368 ишкана катталганын Улуттук статистика комитети маалымдады. Алардын ичинен 63 ишкана биргелешкен ишкана түрүндө иштесе, 305 толугу менен Азербайжандык инвесторлорго таандык.

12.02.2026

11-февраль күнү Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасында Түркиянын “AlfaTurk Group” компаниясынын жетекчилиги тарабынан уюштурулган жолугушуу болуп өттү. Ага Өзбекстандын бизнес өкүлдөрү менен кызматташууга кызыкдар болгон түрк компанияларынын жетекчилери катышты. Иш-чараны Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрайымынын орун басары Шахло Ибрагимова алып барды.

04.01.26

Өзбекстан жана Азербайжан эки өлкөнүн ишканалары жана бизнес чөйрөлөрү ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында 10 миллиард доллар көлөмүндөгү инвестициялык пакетти түзүү боюнча активдүү иш алып барууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Азербайжандагы элчиси Бахром Ашрафханов “Report” агенттигине билдирди.

02.02.26

Өзбекстан жана Түркия “Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран – Түркия” багыты боюнча туруктуу контейнердик поезддерди ишке киргизүү боюнча макулдашышты. Бул келишим Анкарада өткөн Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин төртүнчү жыйынында, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын төрагалыгы астында жетишилди.

01.02.26

Ушул жылдын 29-январында, Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Экономика жана финансы министри Кочкаров Джамшид жана Түркиянын алдыңкы “Limak” компаниясынын негиздөөчүсү Сезай Байаксиздин жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

01.02.26

2026-жылдын 30-январында Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов Казакстандын Өзбекстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бейбут Атамкулов менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

22.01.26

Өзбекстан аймактык сооданын борбору болуу жолунда маанилүү кадам жасап, Афганистандан импорттолгон алтынды иштетүү процессин баштады. Термез Эл аралык соода борборунун курамындагы эркин соода аймагында иш алып барган “Termiz Gold Production LLC” ишканасы зергерчилик өндүрүшү үчүн алгачкы чийки затты сатып алды.

26.01.25

Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин делегациясынын Түркияга болгон расмий сапарынын алкагында агрардык тармакта маанилүү макулдашууларга жетишилди.

21.01.26

Өзбекстандын Коргоо министри Шухрат Халмухамедов менен Түркиянын Улуттук коргоо министри Яшар Гюлер Анкарада 2026-жылга карата аскердик кызматташтык боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Өзбекстандын аскердик мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.