07.11.25

“Кытай – Ош – Савай – Сарахс – Тегеран” эл аралык мультимодалдык транспорттук коридорунун биринчи этабы алгачкы сыноо контейнер партиясын жөнөтүү менен башталды. Бул тууралуу Түркмөнстандын транспорт жана логистикалык борборунун (TULM)  маалымат кызматы билдирди.

04.11.25

Түркмөнстандын Аваза шаарында өткөн “CIET-2025” эл аралык конференциясынын алкагында, Түркмөнстандын энергетика тармагынын келечегине байланыштуу стратегиялык маанидеги билдирүү жасалды. Түркмөнстандын Энергетика министринин орун басары Сердар Сапаров Каспий деңизинин жээгинде заманбап жаңы электр станциясын куруу боюнча ири долбоордун ишке ашырылышы башталганын билдирди.

03.11.25

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Балкан облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Çalik Holding» компаниялар тобунун Башкаруучулар кеңешинин төрагасы Ахмет Чалыкты кабыл алды.

19.09.25

Азербайжанда өнөр жай, транспорт, курулуш, соода жана кызмат көрсөтүү тармактарында Түркмөнстандын капиталы бар 78 компания ийгиликтүү иштеп жатат. Бул тууралуу Түркмөнстандын Экономика министринин орун басары Сахиб Алекперов Улуттук туристтик аймак “Авазада” өткөн “TIF 2025” инвестициялык форуму учурунда билдирди. Бул тууралуу “Trend маалымат кызматы жазып чыкты.

22.08.25

Түркмөнстандын Улуттук туристтик зонасы “Авазанын” Конгресс-борборунда 2025-жылдын 22-август Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы, Түркмөн элинин Улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедов, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үч тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

02.09.25

Түркмөнстандын  Түркиядагы  элчиси М. Ишанкулиев Тркиянын Эрзурум провинциясынын губернатору Мехмет Секмен менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Көрүшмө учурунда, тараптар экономиканын бардык тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.

04.07.25

Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов  жана Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов 2025-жылдын 3-июль күнү жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

16.06.25

Түркмөнстандын туристтик агенттиктеринин өкүлдөрү Түркияга болгон сапарынын алкагында, өлкөнүн туристтик борбору катары белгилүү болгон Анталия шаарына барышты. Бул тууралуу Түркиянын Түркмөнстандагы элчилиги билдирди.

05.06.2025

Ашхабад шаарында 2025-жылдын 5-июнь күнү Түркмөнстан жана Түркиянын Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин деңгээлинде эки тараптуу саясий консультациялар болуп өттү.

02.05.25

Бишкек шаарында өткөн транспорт, транзит жана логистика маселелери боюнча, “Түркмөнстан-Кыргызстан” биргелешкен комиссиясынын биринчи жыйыны болуп өттү. Көрүшмөнүн жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды тастыктаган протоколго кол коюшту.