22.01.26
Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров жана Түркиялык “Coca-Cola Içecek Kazakhstan” компаниясынын башкы директору Вели Динчель менен биргеликте, Актөбө шаарында завод куруу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров: “Мамлекет башчысы инвестиция тартуу жана кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл буруп келет. Бүгүнкү келишимге кол коюу буга чейин жетишилген макулдашуулардын логикалык уландысы жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча системалуу иштин практикалык жыйынтыгы”, — деп белгилеп өттү.
Долбоорго салынуучу инвестициянын жалпы көлөмү 41,9 миллиард теңгени түзөт. Жаңы ишкананын долбоордук кубаттуулугу жылына 280 миллион литрге чейин алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүгө жетет. Объекттин курулушун ушул жылдын апрелинде баштоо пландалууда.
Жаңы өндүрүш комплекси Казакстандагы “Coca-Cola Içecek” компаниясынын төртүнчү заводу болуп, эл аралык туруктуу өнүгүү стандарттарына жооп берген заманбап технологиялар, анын ичинде экологиялык калдыктарды башкаруу системалары жана энергияны үнөмдөөчү чечимдер менен жабдылат.
Башкы директор Вели Динчель: “Актөбөдөгү жаңы завод өндүрүшүбүздүн географиясын кеңейтип, жаңы жумуш орундарын түзөт жана аймактын туруктуу өнүгүшүнө салым кошот. Казакстан биз үчүн өсүү потенциалы жогору болгон стратегиялык рынок бойдон калууда”, — деп билдирди. Жолугушуунун соңунда, Айдарбек Сапаров Айыл чарба министрлиги долбоорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана аны жергиликтүү аткаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырууга даяр экенин белгилеп өттү. Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө “Coca-Cola Içecek” компаниясы 12 өлкөдө 36 заводго ээлик кылат. Казакстанда учурда үч завод Алматыда, Астанада жана Шымкент шаарларында иштеп жатат.


