17.02.26
Казакстан менен Өзбекстан 2026-жылдын 17-февраль күнү темир жол аркылуу жүк ташуулардын көлөмүн олуттуу көбөйтүү боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу эки өлкөнүн транспорт министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду.
Жолугушуу Казакстан президентинин өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн арттыруу жана транзиттик ташууларды 55 миллион тоннага жеткирүү боюнча тапшырмаларын аткаруунун алкагында өттү. Тараптар темир жол байланышы эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык алакаларды бекемдөөдө, эл аралык транзитти өнүктүрүүдө жана региондук транспорттук интеграцияны чыңдоодо стратегиялык мааниге ээ экенин белгилешти.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда темир жол аркылуу 32,3 млн тонна жүк ташылган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 16 пайызга көпттүк кылат. Туруктуу өсүштү камсыз кылуу үчүн тараптар биргелешкен иш-чаралар планын иштеп чыгышты. План Сарыагаш, Оазис жана Сырдария түйүндөрүндөгү инфраструктураны өнүктүрүүнү, ошондой эле Дарбаза — Мактарал темир жол тилкесин бүтүрүүнү камтыйт.
Мындан тышкары, инфраструктуралык жана оңдоо иштерин шайкеш жүргүзүү, көзөмөл жол-жоболорун жакшыртуу, технологиялык өз ара аракеттенүүнү оптималдаштыруу жана ташуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап темир жол жүк ташууларынын көлөмүн мындан ары да көбөйтүү жана кызматташууну кеңейтүү боюнча өз ара кызыкдар экенин билдиришти.


